Столтенберг - Алиев жолугушуусу

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Тоолуу Карабах маселесинин чечилбеши тынчсыздандыруучу экендигин айтты.

853644
Столтенберг -  Алиев жолугушуусу

 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Тоолуу Карабах маселесинин чечилбеши тынчсыздандыруучу экендигин айтты. Столтенберг Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушкандан кийин берген маалыматында Азербайжанга Афганстанда чечкиндүү колдоо миссиясына кошкон салымынан улам рахмат айтты.

НАТОнун баш катчысы Азербайжандын аскер санын арттыруу чечимин да ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди. Столтенберг Азербайжан жана НАТОнун арасында көптөгөн жылдар демократиялык баалуулуктарга таянган бир кызматташтык экендигин эске салып, эки жактын энергетика коопсуздугу сыяктуу ар башка тармактарда кызматташтык түзгөндүгүн белгиледи. Йенс Столтенберг жолугушууда Түштүк Кавказия аймагындагы коопсуздук абалын да карап чыгышкандарын айтты.

НАТОнун бул тууралуу түздөн түз роль ойнобогондугун эске салган Столтенберг маселеге аскердик чечүүчү жолдун табылбагандыгы абдан ачык экендигин, Минск группасынын иштерине колдоо беришкендерин билдирди. Столтенберг маселени эки тараптын келишүү менен маселени чечүүсүнүн мааниге ээ экендигин жана араздашуунун  күч албашы үчүн аракет кылуулары керектигин белгиледи.

Азербайжандын президенти Алиев да жолугушууда Столтенберг менен бирге аймактык коопсуздук темаларын карап чыгышкандарын белгилеп : «Аймактык коопсуздук үчүн эң чоң коркунуч Армения жана Азребайжандын ортосундагы чечилбеген маселе катары ортого чыгууда»,- деди.

Азербайжан территорияларын көптөгөн жылдар Армениянын басып алгандыгын эске салган Алиев 1 миллиондон ашуун Азербайжан жаранынын баш калкалоочу болгондугу же өз өлкөлөрү ичинде качкын болууга мажбур болгондугун белгиледи. Алиев : «Азербайжан калкына каршы этникалык тазалык болду. Бирок тилекке каршы абал өзгөрүүдө. Армения мүмкүн болушунча азыркы абалды улантууну каалап жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар