Түркиянын Кыргызстанга билим берүүдөгү колдоосу

Университеттен ушул кезге чейин 6 миң 869 бүтүрүүчү чыкты.

837906
Түркиянын Кыргызстанга билим берүүдөгү колдоосу

Кыргызстан  - Түркия Манас университетинин ректору профессор Селахаттин Балжы жөндөмдүү киши күчүн жетиштирүү максатында курулган Кыргызстан  - Түркия Манас Университетинин бүгүнкү максаттардын негизинде түзүлгөндүгүн билдирди. Балжы : «Түркия Кыргызстан  - Түркия Манас Университетинин курулушунан бери 22 жылда университетке 398 миллион доллар бюджет бөлүндү. Мунун 179 миллион доллары инвестициялар үчүн жумшалды»,- деди. Кыргызстан жана Бишкек экономикасына кошкон салымына көңүл бурулганда мунун баа бычылгыс экендигине көңүл бурган Балжы : «Түркия мамлекети жана өкмөтүнүн жардамы менен Кыргызстан  - Түркия Манас Университети инвестиция жактан Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи орунда турат»,- деди.

Кыргызстан  - Түркия Манас Университетинин «Үлгүлүү жана принциптердин университети» болгондугун да баса белгилеген Балжы : «Университетте 13 өлкөдөн 5 миң 383 студент билим алууда. Ушул күнгө чейин 6 миң 869 бүтүрүүчүбүз чыкты. Бул бүтүрүүчүлөр 5 континентте 33 өлкөдө университеттин ийгиликтүү өкүлү болушууда. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн 85 пайызы менен байланыш ичиндебиз»,- деди.

Балжы кыргыз өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 84 гектардык аянтка курулган жана 117 миң метр квадраттык жабык аянтты камтыган заманбап кампуста факультет жана жогорку окуу жайлары менен конференция жана жыйын өткөрүүчү залдары, радио жана телекөрсөтүү студиялары, социалдык комплекстер, китепканалар, саламаттык сактоо борбору, изилдөө жана ишке ашыруу борборлору, ачык жана жабык спорттук комплекстери, лабораториялар, студенттик үйлөр орун алгандыгын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар