Казакстанга түрк ишкерлери чакырылды

Эсимжанов, Түштүк Казакстан облусунун Чимкент шаарында текстиль секторун өнүктүрүү максатында 2005-жылы курулган Эркин экономикалык зонада түрк фирмалары да арасында болгон 10 фирма ишин жүргүзүп жатканын айтты.

832553
Казакстанга түрк ишкерлери чакырылды

Түштүк Казакстан облусунун эркин экономикалык зонасынын башкаруу, өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча департаментинин директору Нуржан Эсимжанов, экономикалык зонада түрк фирмалары менен биргелешкен долбоорлорду көбөйтүүнү максаттагандарын белгилеп: «Түрк ишкерлерин аймакка инвестиция салууга чакырабыз»,-деди.

Эсимжанов, Түштүк Казакстан облусунун Чимкент шаарында текстиль секторун өнүктүрүү максатында 2005-жылы курулган Эркин экономикалык зонада түрк фирмалары да арасында болгон 10 фирма ишин жүргүзүп жатканын айтты.

Орто эсеп менен 200 гектардык аянтты камтыган Эркин экономикалык зонада бардык инфраструктра даярдалганын белгилеген Эсимжанов, инвесторлор үчүн салык, чет элдик жумушчу иштетүүдө жеңилдиктер камсыздалганын, жаратылыш газ, суу жана электр энегриясы үчүн арзандатуу ишке ашырылганын маалымдады.

Түштүк Казакстан облусунун Батыш Кытай-Батыш Европа эл аралык транзит коридорунун бюнда орун алышы жана Чимкенттен темир жол багыттарынын өтүшүнүн экспорт жана Импортту жеңилдеткенине көңүл бурган Эсимжанов, темир жолунун эркин экономикалык аймакка дейре жеткенин баса белгиледи.

Эсимжанов эркин экономикалык зонада иш алпарган түрк инвесторлор менен таасирлешүүдө экендиктерин айтып, «Түрк-Казак өнөктөш фирмалары курулду. Айрыкча 5-15-ноябрь күндөрүндө Стамбул, Анкара, Измир, Бурса жана Денизлиде боло турган roadshow иш-чараларында атайын экономикалык зонабыздын жумуш мүмкүнчүлүктөрү таанытылат»,-деп айтты.

Түркияда текстиль секторунун өнүккөнүн белгилеген Эсимжанов: «Ушул жагынан алганда Эркин экономикалык зонабызда Түрк фирмалары менен бирегелешкен долбоорлорду арттыруу максаты жактырылды. Ошондуктан түрк ишкерлерин Атайын экономикалык зонабызга инвестиция салууга чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар