Казакстан Кытайга жаратылыш газ экспортун баштады

Казакстан Кытайга жылда бир миллиард доллар киреше кириши күтүлгөн 5 миллиард метр кубдук жаратылыш газ экспортун баштады.

828802
Казакстан Кытайга жаратылыш газ экспортун баштады

Казакстандан Кытайга жылда бир миллиард доллар киреше кириши күтүлгөн 5 миллиард метр кубдук жаратылыш газ экспортун баштады.

Казакстан улуттук жаратылыш газ фирмасы КазТрансГаздан берилген маалыматка караганда борбор шаар Астанадагы борбордук имаратында Кытайга жаратылыш газ экспортунун баштатылышынан улам азем өткөрүлдү. Маалыматта аземдеги сөзүнө орун берилген Казакстан энергетика министри Канат Бозумбаев жаратылыш газ экспортунун баштатылышында салымын кошкон баарына рахмат айтып : «Бүгүн тарыхый окуяга күбө болуудабыз. Кытай менен жаратылыш газ экспорту келишимине кол коюлушу КазМунайГаз менен КазТрансГаздын ийгиликтүү эмгектеринин жыйынтыгы. Эми болсо Казакстан үчүн альтернативдик жол пайда болду. Кытайга 5 миллиард метр куб жаратылыш газ экспорту башталды»,- деди.

Бозумбаев : «Биз 10 миллиард метр кубдук газ өткөрө ала турган техникалык мүмкүнчүлүктөргө жана жаратылыш газ түтүк жолунун көлөмүнө ээбиз. Бул жергиликтүү жаратылыш газ секторунун өнүгүшүндө жаңы мезгилдин башталышы»,- деп баа берди.

Казакстандын улуттук нефть фирмасы КазМунайГаздын башкаруу кеңешинин төрагасы Суат Мыңбаев жана КазТрансГаздын баш директору Рустам Сулейманов да катышкан аземде Казакстандын түштүгүндөгү Чымкент жакындарындагы Акбулак жаратылыш газды өлчөө станциясы менен түз байланыш куруу менен газ экспорту баштатылды.

Кытайдын  PetroChina фирмасы менен жылда 5 миллиард метр куб жаратылыш газ экспорттун жасалышын күткөн бир келишимге кол коюшкандарын 3 -  октябрда жарыялаган КазТрансГаз бул соодадан бир миллиард долларга жакын киреше күтүшкөндүгүн билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар