Чеченстандын  мамлекет башчысы Кадиров Өзбекстанда

Өзбекстандын президенти Мирзиеев Чеченстандын мамлекет башчысы Кадировду кабыл алды.

828432
Чеченстандын  мамлекет башчысы Кадиров Өзбекстанда

Чеченстандын мамлекет башчысы Рамазан Кадиров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан кабыл алынды.

Президенттик басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда жолугушуу учурунда Мирзиеев Орусия жана Өзбекстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын өлкөлөр арасындагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык карым – катнаштарынын күчтөнүшүнө жана белгилүү мазмундар менен байытылышына кызмат кылгандыгы белгиленди.

Кадиров да Мирзиеевге рахмат айтып Мирзиеевдин өлкөдөгү элдер аралык биримдик жана диндер арасындагы оптимисттиктин күчтөнүшү менен ислам дининин чыныгы мааниде жайылышына карата жүргүзгөн саясаты жана эл аралык демилгелерди жакындан иликтегендигин айтты.

Кадиров айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы көп тараптуу карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү жана күчтөнүшүндө активдүү орун алууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптардын ортосундагы кызматташтыктын өнүктүрүлүшүнө байланыштуу маселелер менен бирге бири бирине карата соода көлөмүнүн жана түрдөнтүүсүнүн арттырылышы, экономикалык, маданий тармактардагы орток проектилер жана программалардын турмушка ашырылышы тууралуу да кенен каралгандыгы билдирилди. Маркум атасы Ахмед Кадиров билим алган Ташкент ислам институтун вице  - премьер – министр Зайыр Мирзиеев менен барып көргөн Кадиров Өзбекстан мусулмандарынын диний башкаруусунун төрагасы Османхан Алимов жана институтунун башкаруучулары менен жолугушту. Кадиров өзгөчө белгилүү өзбек дин аалымы Шейх Мухаммед Садык Мухаммед Юсфтун мазарын зыярат кылып дуа кылды. Кадировдун жолугушууларынын негизинде тарыхый Самарканд менен Бухара шаарларын да кыдырышы күтүлүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар