Казакстан Кытайга газ экспорттойт

КазТрансГаз менен PetroChina келишим түздү

819186
Казакстан Кытайга газ экспорттойт

Казакстан Кытайга жылына 5 миллиард куб метр газ экспорттойт.

Казакстандын улуттук КазТрансГаз компаниясы тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, экспорттоонун 15-октябрда башталуусунун пландалганы белгиленди.

Газды экспорттоо келишиминин PetroChina (Петрочайна) менен КазТрансГаз аукционердик коомунун ортосунда түзүлгөнү маалымдалган билдирүүдө: «Казакстан менен Кытайдын ортосундагы бул тарыхый келишим аркылуу экспорттун кирешесинин 1 миллирд долларга жетээри күтүлүүдө»-деген сөздөргө орун берилди.

Казакстандын батышындагы кендер менен КазТрансГаз аукционердик коомунун жер астындагы газ сактоочу ишканалардагы резервдерден алына турган газдын, Кытайдын Хоргос чек ара бекетинен тапшырыла турганы билдирилди.

Ошондой эле компаниянын Казакстандын Евразиядагы логистикалык инфраструктуранын өнүктүрүлүшүндөгү стратегиялык план боюнча иштеп жатканы жана Кытайга газдын экспортунун эки өлкөнүн карым-катнаштарына оң салым кошоору баса белгиленди.



Тектеш кабарлар