Бүгүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши түзүлгөн Нахчеван келишимине 3 -  октябрда кол коюлган.

819284
Бүгүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү

Бүгүн 3 -  октябрь. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү.

Азербайжан тышкы иштер министрлиги түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнүнөн улам жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин орток тарых, тил, маданият, күбөлүк сыяктуу төрт негиз менен курулгандыгы белгиленди жана  мүчө өлкөлөрдүн арасында кызматташтык менен тилектештиктин өнүгүшү үчүн маанилүү бир аймактык платформа экендиги билдирилди.

2009 -  жылы Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши түзүлгөн Нахчеван келишимине 3 -  октябрда кол коюлган. Жыл сайын «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык күнү» катары майрамдалгандыгы белгиленген маалыматта : «Түрк кеңеши орток тарых, тил, маданият жана күбөлүк сыяктуу төрт негизде курулган, мүчө өлкөлөрдүн арасында кызматташтык менен тилектештиктин өнүгүшү жактан маанилүү аймактык бир платформа. Азербайжан Түрк кеңешине мүчө бир тууган өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу карым – катнаштарга чоң маани берүүдө. Азербайжан  мүчө өлкөлөрдүн арасындагы ишенимдин күчтөндүрүлүшү, аймак жана аймак тышында тынчтыктын сакталышы, орток кызыкчылыктарды камтыган түшүмдүү кызматташтыктын түзүлүшү, соода жана капитал үчүн оң чөйрөнүн түзүлүшү да болуу менен уюмдун бардык максаттарына баш ийет»,- деген сөздөргө орун берилди.

 

 



Тектеш кабарлар