Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү башталды

Казакстандын борбор шаары Астанада 6-өткөрүлүп жаткан Сирия темалуу жыйналышка Түркия, Орусия, Иран, АКШ, БУУ, Иордания, Асад режими жана оппозициядагы делегация катышууда.

807180
Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүү башталды

Казакстандын борбор шаары Астанада 6-өткөрүлүп жаткан Сирия темалуу жыйналыш Түркия, Орусия, Иран, АКШ, БУУ, Иордания, Асад режими жана оппозициядагы делегациянын арасындагы техникалык эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөр менен өтүп жатат.

Жыйналышка катышкан тараптардан алынган маалыматка караганда негизги күн тартиби Идлиб облусундагы коопсуз аймактын чек араларынын белгилениши жана чек аралардын ичиндеги ок атышпоонун ишке ашырылышынан турат.

Айрыкча режимдин колундагы туткундардын жана камактагылардын эки тараптуу эркин кое берилиши, сөөктөрдүн тапшырылышы жана жоголгон кишилердин изделиши да токтомдо карала турган темалардын арасында.

Түрк делегациясын Тышкы иштер министрликтин кеңешчи орун басары Седат Өнал жетектөөдө.

Орусия делегациясынын жетекчиси президент Валдимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентиев болсо, Иран тобун тышкы иштер министринин орун басары Хүсейин Жабири Энсари башкарууда.

АКШ, жыйналышка Мамлекеттик департаменттин жакынкы чыгыш менен байланыштар боюнча жооптуу кеңешчи орун басары Дэвид М. Саттерфилддин өкүлчүлүгү менен байкоочу катары катышууда.

Иордания болсо тышкы иштер министринин кеңешчиси Наваф Васфи Тел менен байкоочу статусунда жолугушууларда орун алууда.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да делегациялар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүш үчүн Астанада жүрөт.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда Катар да алгач ирет бир байкоочусу менен жыйналышка катышууда.

Бул учурда аскердик оппозициянын делегациясы да отелде өз араларында кеңешүү жыйналышын өткөрүштү. Жыйналыштан кийин оппозициянын өкүлдөрү АКШ жана БУУнун делегациясы менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.

Негизги жыйналыштын жабык эшик артындагы техникалык сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин, эртең түштөн кийин башталышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар