Казакстан Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитин өткөрүүгө даярданууда

Стамбулдагы Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитиндеги сунушу боюнча саммит 10 – 11 -  сентябрда Астанада өткөрүлөт.

802972
Казакстан Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитин өткөрүүгө даярданууда

Казакстан биринчи жолу Ислам Кызматташтык Уюмунун билим жана технология саммитин өткөрүүгө даярданууда.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда президент Нурсултан Назарбаевдин 2016 -  жылы 14 – 15 -  апрелде Стамбулдагы Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитиндеги сунушу боюнча саммит 10 – 11 -  сентябрда Астанада өткөрүлөт. Саммитке Ислам Кызматташтык Уюмунан 57 өлкөнүн мамлекет башчылары жана премьер  - министрлери менен байкоочу өлкөлөр жана эл аралык уюмдардан сексенге жакын делегациянын катышары белгиленди.

Президент Р. Т. Эрдогандын да саммитке катышары күтүлүүдө.

Ислам Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн билим жана технологиядан жооптуу министрлеринин 9 -  сентябрда жолугуша турган саммитте конок делегациялар 10 -  сентябрда да Астана EXPO 2017 жарманкесинин жабылуу аземине катышат. Маалыматта саммиттин Ислам Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда билим, технология, инновация жана модернизация тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү, айрыкча ислам дүйнөсүнүн потенциалын күчтөндүрүүнү максат кылгандыгы белгиленип, саммиттин акырында ислам дүйнөсүнүн илимий жана технологиялык өнүгүшү үчүн колдоо процессин баштаган Астана декларациясынын кабыл алынары билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар