Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте

Иш сапардын алкагында бир катар өкмөттөр аралык документтерге кол коюлат

801347
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте

Бүгүн Бишкекке коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келди. Аны аэропорттон президент Алмазбек Атамбаев тозуп алды. Мирзиёев Кыргызстанга жубайы Зироатхон Хошимова менен келди.

Бийик даражалуу мейман менен президент Алмазбек Атамбаев, төрага Чыныбай Турсунбеков жана премьер-министр Сапара Исаков жолугат. Мындан тышкары мекемелер жана өкмөт аралык маанилүү жолугушуулар өтөт.

Иш сапардын алкагында бир катар өкмөттөр аралык документтерге кол коюлат. Негизги саясий документ- президенттер тарабынан кол коюлуп, ал эки тараптуу кызматташтыктын планы жана мамилелерди өнүктүрүүгө арналмакчы. Жолугушууда негизги басым чек ара кызматташтыгы боюнча маселелерге жасалып, кыргыз өзбек чек арасы боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

КТРК



Тектеш кабарлар