Манас атанын мурасы жана Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-34

796162
Манас атанын мурасы жана Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары

Манас атанын мурасы жана Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары

Түрктөрдүн аталарынан болгон Манаска таандык айкел бир канча күн мурда Стамбулда ачылды жана ошондой эле Манас эпосунун кеңири варианты да түрк тилинде жарык көрдү. Биз да бул жумадагы программабызда ушул темаларды жана Түркия-Кыргызстан карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Кыргызстандык айкелчилер тарабынан жасалган төрт метр бийиктиктеги "Манас" айкели өткөн күндөрдө Стамбулдагы Сүтлүже сейил багында салтанаттуу азем менен ачылды. Манас бир гана түрктөр үчүн эмес дүйнө тарыхы жана адабияты жагынан да маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Дүйнөдө Манас эпосу сыяктуу чоң томдук, ыйык китептер сыяктуу жатка айтылган башка эпос жок.

Манас айкелинин ачылышына Кыргызстандын экс-премьер-министри Сооранбай Жээнбеков, Кыргызстандын Анкарадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш, Стамбулдун губернатору Васип Шахин, Стамбулдун мэри Кадир Топбаш жана ар кайсы уюмдардын мүчөлөрү катышышты. Ушундайча Стамбул эки түрк тектүү элдин бири-бирлерин дагы жакындан таануусун камсыздай турган түзүлүшкө ээ болду. Бул айкелдин ачылуусу эки өлкөнүн маданий карым-катнаштарын дагы да бекемдейт.

Манас бир гана баатыр эмес, ошол эле учурда кыргыз элине туура жолду көрсөткөн айкөл башкаруучу болгон. Ушундан улам  бүткүл түрк тектүү элдер Манаска таазим кылашат. Стамбул- Түрк дүйнөсүнүн эң негизги шаарларынын бири болуп саналат. Бул шаарда "Манас" айкелинин тургузулушу Түрк дүйнөсү үчүн абдан маанилүү. Стамбулда жашагандар ар дайым Манас айкелин көргөндө кыргыз элин эстешет. Бул айкел эки түрк тектүү элдин достук символу катары сакталып калат.

Айкелдин ачылышын улай Түрк дүйнөсүнүн мэриялар биримдиги жана Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын кызматташуусунда басылып чыккан «Манас» эпосунун 1 миң 840 барактан турган котормосунун бет ачары болду. Бул-Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча түрк тилине которулган жалгыз басылма болуп эсептелет. Китеп манасчынын 2017-жылы өтө турган 150 жылдык мааракесине арналып чыгарылды. Бул эмгек Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий кызматташууну өнүктүрүү жагынан да өтө маанилүү. Байыркы түрк эпосторунун бири болгон Манас, түрк мифологиясынан жана маданиятынан терең издерди камтууда. Ыр сабы жагынан болсо ирандык Фирдевстин Шахнаме, финндиктердин Калевала, немистердин Нибелунген, индустардын Рамаяна, байыркы гректердин Илиада жана Одиссей сыяктуу эпосторунан дагы узун. Манас 500 миң сап менен дүйнөдөгү эң чоң эпос болуп саналат. Манас эпосу ошол эле учурда мазмуну жана тили менен кыргыз элине гана эмес, бүткүл түрк элдеринин маданиятына таандык маалыматтарды билдирүү жагынан да олуттуу документ мүнөзүндө.

Түркия, 1991-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган өлкө болду. Эки өлкөнүн ортосунда 1991-жылдын 29-январында дипломатиялык байланыштар түзүлдү. 1992-жылы эки жактуу түрдө Бишкек жана Анкара элчиликтери ачылды. Эки өлкөнүн ортосунда маданий тармакта кызматташуулар түзүлүп, экономикалык тармакта көп сандаган иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Ошондой эле эки өлкөнүн Кыргыз-Түрк «Манас» университети бар. Ушунун негизинде өз ара байланыштар тынымсыз өнүгүүдө. Түркия бардык тармакта Кыргызстан менен болгон карым-катнаштарын дагы да бекемдөөгө чечкиндүү. Алдыдагы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы алакалар дагы да өнүгөт деп ойлойбуз.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде эки тараптуу күчтүү эрктүүлүк менен бардык тармакта оң уланууда. Түркия бүткүл мамлекеттик мекемелери жана бейөкмөт уюмдары менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүдө.  Эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, соода-сатык, аскердик, маданият-билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт тармактарында көп жактуу байланыштар, 200дөн ашуун келишим жана меморандумдан турган кеңири укуктук базасынын алкагында улантылууда.

Кыргызстан башкаруучулугу, Түрк кеңеши менен катар Түрк дүйнөсүндөгү түзүмдөрдө орун алууда жана колдоо көрсөтүүдө. Түркия Борбордук Азия аймагында демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жаткан Кыргызстандын ырааттуулугун жана өнүгүүсүн улантышына чоң маани берет. Ушул алкакта Кыргызстанга ар түрдүү колдоо көрсөтүүдө. Бирок Түркиянын Кыргызстандан ушул күндөрү дагы бир күтүүсү бар. Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) Борбордук Азияда иш-чараларын эң көп Кыргызстанда жүргүзүүдө. Түркия алардын бул иш-чараларына бөгөт коюлушун каалайт. Ушул боюнча Кыргызстандан туугандыктын милдети аткарылып, өлкөдөгү ФЕТӨ түзүмдөрүнүн жоюлушуна карата чаралардын көрүлүшү күтүлүп жатат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

  



Тектеш кабарлар