Түндүк Кипр Түрк Республикасы туризмде марка болуу жолунда
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын туризм жана экология министри Фикри Атаоглу туризм секторунда оң абалдардын болгондугун айтты.
790537
![Түндүк Кипр Түрк Республикасы туризмде марка болуу жолунда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ee40/eeee/8aa7/5993036db9a57.jpg?time=1718834485)
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын туризм жана экология министри Фикри Атаоглу таанытуу иш чараларынын арттырылгандыгын жана туризм секторунда оң абалдардын болгондугун айтты.
Бир топ өлкөдө өткөрүлгөн иш чаралардан кийин оң жыйынтыктарды алышкандарын белгилеген Атаоглу өзгөчө немис туристтердин эс алуу үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасын тандагандыгын айтты.
Атаоглу : «2016 жылдагы кышкы мезгилде немистер көп келди. Өлкөбүздөгү 22 миңге жакын орундук санына да көңүл бура турган болсок 80 пайыздык толду. Бул 42 жылдан кийин биринчи жолу болгон окуя»,- деди.