Анкарадагы фестивалда ат оюндары көңүл бурду

Анкаранын Ататүрк маданият борборунда  “Эл аралык Анкара  фестивалы” болуп өттү.

790552
Анкарадагы фестивалда ат оюндары көңүл бурду

Акыркы жылы 2014-жылы өткөн бул фестиваль, мындан үч жыл мурун жыл сайын  алты жолу өткөн. Дээрлик үч жылдан соң бул ирет VII жолу уюштурулган фестивалда эл аралык топтордун көргөзмөлөрү, мекеме-ишканалардын танытымы, үрп-адат, каада-салттар көргөзүлүп, түрк элдеринин ат оюндары ойнолуп, Түркиянын белгилүү сахна жылдыздары өз таланттарын  тартуулашты.

Аталган фестиваль Анкара мэриясынын башчысы Мелих Гөкчектин жетекчилигинде уюштурулду. Фестивалга бир гана шаар калкы эмес, Түркиянын бардык аймагынан келген көрармандар күбө болушту. Өзгөчө, түрк элдеринин улуттук ат оюндары көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Оюндун катышуучусу Мухиттин Уйанык бул туурасында өз оюн мындайча билдирди: “Чындыгында,  бир маданиятты  алып жүрүү өтө чоң мааниге ээ. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Анкара мэри Мелих Гөкчекке абдан ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Суранып кете турган нерсем, ушул маданияттын (салтанаттын) мындан ары да уланышы үчүн  сиздер дагы атка миниңиздер, ок атыңыздар. Урматым менен....”

Ошондой эле, вандык кыргыздардын атынан катышкан Бүнямин Токер буларга токтолду:

“Кош келдиңер, учурда VII Анкара фестивалындабыз. Кыргыз кийимдерин кийип, ат оюндарын ойноп, жаа атып, түрк элдеринин улуттук оюндарын өткөрдүк. Бул Түркияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу болгондуктан кыргыздардан мен эле бармын. Аркада тургандар биздин тайпа. Көк бөрү, жаа атуу, ат үстүндө оюн көрсөтүү сыяктуу оюндарды көргөздүк. Абдан сонун болду. Тогуз күндүк программага миллиондогон көрүүчүлөр күбө болду. Биз менен сүрөткө түшүштү. Кичине болсо да кыргыздын атын элге тааныттык.”



Тектеш кабарлар