Кыргызстандын премьер - министри Сооронбай Жээнбеков Казакстанда
Сооронбай Жээнбеков казак кесиптеши Сагинтаев менен жолугушту.
Казакстандын премьер - министри Бахытжан Сагинтаев кыргыз кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен борбор шаар Астанада жолугушту.
Казакстан премьер - министрлигинен берилген маалыматта Евразия эконолмикалык биримдигинин премьер - министрлер жыйынына катышуу үчүн Астанага барган Кыргызстандын премьер - министри Сооронбай Жээнбековдун казак премьер - министри Сагинтаев менен жолугушуу өткөргөндүгү билдирилди. Маалыматта жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүү темалары менен бирге техникалык колдоо, темир жол тарифтеринин бириктирлиши жана жарандардын иштөө уруксаттарынын жеңилдетилиши маселелеринин каралгандыгы билдирилди.
Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы 2017 – 2020 - жыл үчүн кызматташтык программасынын түзүлүшүндө алдыга жылуунун болгондугуна көңүл бурулуп, программанын эки тараптуу карым – катнаштардын жана стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүндө жол картасы болору белгиленди.
Маалыматта эки премьер - министрдин мамлекеттин чек араларынын белгилениши келишимине кол коюуга даяр экендери баса белгиленди. Айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2017 - жылдын биринчи беш айында 272, 3 миллион долларга жеткендиги да маалымат берилди.