Казак тили үчүн латын алфавити

Казакстан ушул жылдын аягына чейин казак тили үчүн бирдиктүү латын алфавитин кабыл алат

778598
Казак тили үчүн латын алфавити

Казакстандын билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев, казак тили үчүн латын алфавитинин ушул жылдын аягына чейин даяр болоорун белгиледи.

Бул маанилүү долбоордо жаңылыштык кылбаш үчүн кылдаттык менен жакшы ойлонуштурулушу керектигин айткан Сагадиев: «Быйыл жасалышы керек болгон бир гана нерсе, бирдиктүү алфавитке өтүү. Бир канча альтернатива даярдалып, бул альтернативалар каралып чыгат жана акыркы чечим кабыл алынат. Андан соң латын алфавитине өтүү үчүн иштөө планы түзүлөт»,-деди.

Министр Сагадиев, алфавит боюнча ушул максатта түзүлгөн комиссиянын да ишин жүргүзүп жатканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар