Кипр түрк калкынын эркиндигине 43 жыл толду

Кипр тынчтык кыймылынын 43 жылдык мааракеси, Түндүк Кипр Түрк Республикасында салтанатту иш- чаралар менен өткөрүлөт.

773134
Кипр түрк калкынын эркиндигине 43 жыл толду

Кипр түрк калкын эркиндикке чыгарган 1974-жылдын 20-июлундагы кыймылдын мааракеси болуучу “20-Июль Тынчтык жана Эркиндик” майрамынын Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы иш-чарасына премьер-министр Бинали Йылдырым жана ар кайсы өлкөдөн келген көп сандагы меймандар катышмакчы.

Мааракеде Аба спорттору федерациясы жана Гирнедеги Америка университетинин Авиация жогорку мектебинин билим берүүчү учактары учурулат. Футбол тенниси федерациясы да мааракенин алкагында Гирне мэриясынын теннис аянтчаларында 20-июлда Тынчтык кубогу мелдешин уюштурат. Жеңил атлетика  федерациясы, “Явуз” аскер киргизүү пляжы менен Гирнедеги “Ататүрк” эстелиги портунун аралыгында 8 чакырымдай “Жол марафону” иш-чарасын өткөрөт.

Аземдин алкагында аралга барган Түрк Дениз күчтөрүнүн кемелери, бейшемби күнү 9:30дан 16:00га чейин элди кабыл алат.

Коопсуздук күчтөрү командирлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак  “ТСG Газиантеп” фрегаты Гирне жээктеринде, “ТСG Буракрейс” су астынан сүзүүчү кемеси менен “ТСG Бора” чабуул катери Гирненин туризм портуна сапар тартат.

 Түрк аба жолдору Соло Түрк тобу менен Түрк аба күчтөрүнүн акробат тобу түрк жылдыздары эртең Tүркия убактысы боюнча 18:00дөн баштап,  Гирнедеги “Ататүрк” эстелигинин алдына аба шоу көрсөтүүсүн тартуулайт. Түрк жылдыздарынын артынан Бурса мэриясынын Мехтеран тобу концерт коет.

Ушул жылы 8-ирет уюштурулуп жаткан “Таңкы күзөт” Явуз аскер киргизүү пляжында 19-июлдан 2-июлга караган түнү уюштурулат. Иш-чарада ырчы Рафет Эл Роман сахнага чыгат.

Күзөттө, 41 жыл мурун Явуз аскер киргизүү пляжына барган 50-полктун жээкте лозунгдарды көтөрүп согушкерлер менен жолугушуусу чагылдырылат. Бул жылы дагы өчпөс от салттуу жүрүшү болуп, таңкы күзөт улантылат. Таңга маал асманга көгүлтүр оттор атылып, дубалар кылынгандан соң, күзөт таңкы азандын окулушу менен жыйынтыкталат.   



Тектеш кабарлар