Бакуда да 15 - Июль эскерилди

Азербайжан Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын  биринчи жылында Түркияны жалгыз калтырган жок.

771368
Бакуда да 15 - Июль эскерилди

Азербайжан Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын  биринчи жылында Түркияны жалгыз калтырган жок. 

Түркиянын Бакудагы элчилигинде өткөрүлгөн иш чарада да 15 -  июль шейиттери эскерилди. 

Шейиттер үчүн Кураан окулду. 

15 -  июлдун күбөлөрү ал күн тууралуу айтып беришти. 

ТРТ жана Анадолу маалымат агенттиги даярдаган материалдар менен 15 - июль түнү болгондор көрсөтүлдү. Азербайжандын вице - президенти Али Хасанов президент Илхам Алиевдин билдирүүсүн окуду. Билдирүүдө : "Түрк калкынын өз жанын курмандыкка чалышы Азербайжанда каармандык катары ар дайым урмат - сый менен эскерилет",- деп айтылды. 

15 -  июль түнү президент Алиев менен Азербайжан калкынын түрк калкына берген колдоосуна көңүлдөрдү бурган Алис Хасанов : "Ал түнү Азербайжанда эч ким уктаган жок. Азербайжандын вице - президенти катары мен күбөмүн, президент ал түндүн кыйынчылыгын жашады",- деди. 

Борбор шаар Бакуда жума намаздарында 15 - июль шейиттери үчүн дуалар окулду. Борбор шаардан башка Генже жана Нахчыван менен Азербайжандын бир топ шаарында да эскерүү иш чаралары өткөрүлдү. 

 

 



Тектеш кабарлар