Армения Азербайжанда жарандык отурукташуу аймактарын аткылады

Кол салууда үч киши каза таап, бир киши жараланды.

765163
Армения Азербайжанда жарандык отурукташуу аймактарын аткылады

Армения армиясы дагы бир жолу Азербайжандын жарандык отурукташуу аймактарын аткылады. Кол салууда  үч киши каза болуп анын ичинен бирөөсү бала болгон жана бир киши жараланган.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армения куралдуу күчтөрүнүн Фузули аймагынын Алханлы айылына пулемет менен кол салгандыгы белгиленди. Азербайжан армиясы өз  эрежелеринин негизинде кол салууга жооп берди.

Министрлик Армения армиясынын кол салуусу тууралуу эл аралык мекемелерге маалымат берилгендигин да жарыялады.

Түркия кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта ырайымсыз кол салуунун баскынчы Армениянын чек ара аймактарында оор куралдар менен эл аралык укукка жана адамзаттык баалуулуктарга тескери  түрдө жарандарды өзгөчө аялдар менен балдарды атканын ачыкча көрсөткүндүгү белгиленди. «Кол салууда каза болгон азербайжандык бир туугандарыбызга көңүл айтып, жараланган азербайжандык боордошторубуздун бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди маалыматта.

Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск гуруппасы да ок атууларды токтотуу жолундагы аскердик кыймылдарды токтотууга чакырды.

 



Тектеш кабарлар