Түрк дүйнөсү Астанадагы музыка фестивалында жолугушту

Фестивалга Түркия, Казакстан жана Азербайжан менен бирге биринчи жолу авшар жана салар түрктөрүнөн өнөрпоздор катышты.

764060
Түрк дүйнөсү Астанадагы музыка фестивалында жолугушту

Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн 10 -  Эл аралык Астана Аркау түрк дүйнөсүнүн салттык музыка фестивалына Түркия, Казакстан жана Азербайжан менен бирге биринчи жолу авшар жана салар түрктөрүнөн өнөрпоздор катышты.

Астана опера жана балет театрындагы фестивалда түрк дүйнөсүнөн сахнага чыккан өнөрпоздор улуттук музыкалык аспаптары менен салттык музыкаларын аткарып ырларын ырдашты.

Фестивалдын продюссери Аскар Умаров салттык түрк музыкасын Астанада таанытууну каалашкандарын айтты. Умаров : «Музыка элдерди бириктирген окшошу жок, ыйык тил. Бардык музыкалар орток текке ээ. Бул жылы фестивалга биринчи жолу авшар менен саларлар да катышты. Саларлар Кытайдан келди. 100 миң калктуу жана огуз диалектисинде сүйлөшөт. Авшарлар Түштүк Ирандан келген түрк тектүү этникалык топ»,- деди. Умаров фестивалга катышуунун жыл сайын арткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар