Кайда болсоң бол, ар дайым Казакстан жүрөгүңүздө орун алсын

Президент Назараев, Көз карандысыздык сарайында өткөн Дүйнөлүк казактардын 5-Курултайында сөз сүйлөдү.

758772
Кайда болсоң бол, ар дайым Казакстан жүрөгүңүздө орун алсын

Казакстандын президенти Нурсултан Назабаев, өкмөттүн чет өлкөдөгү казактардын эне тилинде билим алуулары үчүн иш аракеттерин жүргүзүүлөрү керектигин айтты.

Президент Назараев, Көз карандысыздык сарайында өткөн Дүйнөлүк казактардын 5-Курултайында сүйлөгөн сөзүндө: «Руханий жаңылануу, келечекке жол» макаласынын алкагында латын алфавитине өтүү, 100 сабак китебинин оодарылышы, түздөн-түз жер көч долбоору, Казакстандын ыйык аянты, глобалдык дүйнөдө заманбап Казакстандын маданияты сыяктуу долбоорлордун орундатылышын белгиледи.

Этникалык казактарды колдоого алуунун маанисин баса белгилеген президент Назарбаев, «Атуулдар фонду» төзүлүшү керектигин да айтты.

Назарбаев, чет өлкөдөгү казак жаштары үчүн Казакстанда билим алуу квотасынын 2 эсе көбөйтүлүшүнө буйрук бергенин эске салды.

Президент Назарбаев, чет өлкөдөгү казактардын Казакстан менен байланыштарын чыңдоосу керектигин баса белгилеп, «Кайда болсоң бол, ар дайым Казакстан жүрөгүңүздө орун алсын. Казакстан бардыгыбыздын тарыхый мекенибиз болуп саналат»,-деди.

Курултайга катышкан «Мимар Синан» атындагы көркөм өнөр университетинин окутуучусу, проф.др.Абдулвахап Кара, курултайдын дүйнөнүн 40ка чукул өлкөсүндө жашаган казактардын, Казакстан менен аралашуусуна чоң таасири болгонун айтты.

Дүйнө казактарынын 5-Курултайына 39 өлкөдөн 800 чакты казак катышты.



Тектеш кабарлар