Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөрүүдө
Аскердик машыгуу 16-июнга чейин уланат
750754
![Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөрүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0edc/29b1/718a/593e3f467828c.jpg?time=1718778881)
Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү Нахчыван автономдуу республикасында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Түркия менен Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн Нахчыванда биргелешкен аскердик машыгуу баштагандары белгиленди.
Билдирүүдө машыгуу аркылуу куралдуу күчтөрүнүн тажрыйба бөлүшүүсүнүн негизинде эки өлкөнүн ортосундагы координациянын жана биргелешкен операция жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнүн өнүктүрүлүшүнүн максатталганы айтылды.
Аскердик машыгуу 16-июнга чейин уланат.