Армения Азербайжан отурукташуу жерине ок атты
Кол салууда жан жоготуунун болбогондугу билдирилди.
743114
![Армения Азербайжан отурукташуу жерине ок атты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f1cc/456f/928c/592e7d285e77a.jpg?time=1719060361)
Армения армиясы фронт жолундагы Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине пулеметтер менен ок атты.
Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армения армиясынын Тертер, Агдам жана Фузули облустарындагы жарандык отурукташуу жерлерине 82 жана 120 миллиметрдик пулемет огун аткандыгы билдирилди.
Маалыматта кол салууда жан жоготуунун болбогондугу, Азербайжан армиясынын да Армения армиясына ок атуу менен жооп бергендиги билдирилди. Министрлик ушуга окшогон провакациялардын кайталанышы менен узун аралыкка атуучу пулеметтор менен Армения буктурмаларынын артындагы отурукташуу жерлеринин атыларын эскертти.