Өзбекстанда жибек кездемелери жана татымалдар фестивалы өткөрүлдү

Үч күнгө созулган фестивалга Түркия да катышты

741918
Өзбекстанда жибек кездемелери жана татымалдар фестивалы өткөрүлдү

Өзбекстандын Бухара шаарында Түркия да катышкан 16-Эл аралык жибек кездемелери жана татымалдар фестивалы аяктады.

Шаардын тарыхый аймагында өткөрүлгөн фестивалда, өлкөдө өндүрүлгөн ар түрдүү жибек кездемелери жана татымалдардын түрлөрү көрсөтүлдү.

Үч күнгө созулган фестивалдын алкагында улуттук кийимдер жүрүшү, шаардын ар кайсы жерлеринде элдик бий өнөрлөрү, короз жана кочкор таймаштары өткөрүлдү. Улуттук өзбек кийимдери менен кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү көрсөтүлгөн фестивалдын алкагында айрыкча өзбек акробатика өнөрпоздорунун программасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Фестивалдын алкагында улуттук өзбек палоосун жасаган ашпозчулардын жарышы өткөрүлдү. Өзбек палоосун эң жакшы жасаган ашпозчуларга белектер тапшырылды.

Тарыхый Жибек Жолундагы Бухара шаарында туризмдин кайрадан өнүгүүсүнө салым кошууну максаттаган фестиваль, өлкөдөгү атактуу ырчылар катышкан гала концерти менен аяктады.



Тектеш кабарлар