Азербайжан - Түркия инвестициялары

Түркиянын Баку элчиси Өзорал экономикалык карым - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн чоң потенциал экендигин баса белгиледи.

726824
Азербайжан  - Түркия инвестициялары

Азербайжандын экономика министри Шахин Мустафаев Азербайжандын өлкө тышында эң көп инвестиция салган өлкөнүн Түркия экендигин айтты. 

Азербайжандын экономика министрлигинен берилген маалыматта Түркиянын Баку элчиси Эркан Өзоралдын экономика министри Шахин Мустафаев менен жолугушкандыгы билдирилди. Маалыматта жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда соода карым - катнаштарынын өнүктүрүлүшү жана Азербайжанга караштуу Нахчиван автономиялуу республикасында өндүрүлгөн продукциялардын Түркияга  экспорттолушу тууралуу пикир алышууларда болушкандары белгиленди. 

Мустафаев Азербайжандын Түркияга 9 миллиард доллар инвестиция салгандыгын айтып : "Түркия да Азербайжан экономикасына 11 миллиард доллар инвестиция салды. Азербайжанда иш алып барган чет элдик фирмалардын башында 2 миң 900дөн ашуун фирма менен Түркия турат. Түркияда 2 миңге жакын Азербайжан фирмасы бар",- деди.  

Түркиянын Баку элчиси Өзорал да экономикалык карым - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн чоң потенциал экендигин баса белгиледи. 

 

 

 



Тектеш кабарлар