Түркиянын тышкы иштер министри Өзбекстанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ташкенттеги жолугушууларынын алкагында эң оболу түрк жана өзбек ишкерлери менен жолугушту.

720685
Түркиянын тышкы иштер министри Өзбекстанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Катардагы жолугушууларын аяктап Өзбекстанга өттү.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Ташкенттеги жолугушууларынын алкагында эң оболу түрк жана өзбек ишкерлери менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылышы үчүн ишкерлердин көз караштары угулду.

Чавушоглу жолугушууларынын экинчи күнүндө болсо өзбек кесиптеши Абдүлазиз Камилов менен бетме-бет жолугушуу өткөрдү.

Андан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлдү.

Чавушоглу бул жерде саясий, экономикалык жана туризм баштаган бардык тармакта кызматташтык темаларын карагандарын белгилеп кетти.

Эки тараптуу сапарлардын улана турганын белгилеген Чавушоглу: «Үстүбүздөгү жылдын ичинде боло турган президенттердин саммити менен карым-катнаштарыбызды туу чокуга жеткиребиз»,-деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу жолугушууларынын алкагында Сенат төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафаев жана президент Шафкат Мирзиёев менен жолугат.

Бал сапар акыркы убакта ылдамдаган Түркия-Өзбекстан карым-катнаштары жагынан чоң мааниге ээ.



Тектеш кабарлар