Түркия жана Евразия карым-катнаштары-15

Түрк ишкердик кеңеши

717658
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-15

Түрк кеңешине караштуу уюмдардан Түрк ишкердик кеңешинин 2017-жылдагы бешинчи жыйыны 3-апрелде Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлдү. Биз да бул жумадагы программабызда Түрк ишкердик кеңешин жана иш-чараларын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары 2010-жылдын 16-сентябрында Стамбулдагы жыйынында жалпы ишкердик кеңеш түзүүнү чечишти. Соода, өнөр жай, инвестиция, технология, тейлөө сыяктуу экономикалык секторлордо кызматташуу иштерин жүргүзүү максатында Түрк ишкердик кеңеши түзүлдү.

Түрк ишкердик кеңеши, 2009-жылдын 3-октябрында Нахичевань келишиминин негизинде түзүлгөн Түрк кеңешинин карамагында кызмат көрсөтүүдө. Түрк ишкердик кеңеши жарандык жана пайда табууну максаттабаган эл аралык уюм болуп саналат. Мүчө өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосунда биргелешкен иш-чаралардын талкууланышы жана таанытылышына карата түзүлгөн платформа. Ошондой эле Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда менчик секторлордун кызматташтыгы үчүн негизги булак болуп эсептелет. Жалпы иштөө тили англисче. Бирок атайын иш-чараларда мүчө өлкөлөр сүйлөшкөн түрк тилинин диалектилери да колдонулат.

Түрк ишкердик кеңеши ошол эле учурда талап кылынгандай өзгөчө темалар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүгө карата сунуштарын айтып турат. Ушундан улам Түрк кеңеши үчүн байкоочу кеңеш катары да кызмат кылып жатат. Мындан башка Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу жана көп жактуу ишкердик кеңештерге да жетекчилик кылууда. 

Түрк ишкердик кеңешинин шартынын экинчи беренесине караганда кеңештин максаттары төмөнкүчө:

--Комплекстүү ишкердик кызматташууну, эки тараптуу инвестицияларды, тышкы кызматташууну жана мүчөлөрдүн ортосунда биргелешкен демилгелердин түзүлүүсүн жеңилдетүүнү максаттаган долбоорлор жана программаларды иштеп чыгуу.

--Туруктуу диалог жана талкуулоолор мехнизмин түзүү максатында күчтүү мекемелик байланыштарды бекемдөө.

--Ишкердик муктаждыктар, мүмкүнчүлүктөр, маселелер жана башка тийиштүү темалардын чогуу талкууланышы менен катар коомдук жана менчик секторлордун ортосунда диалог чөйрөсүн камсыздоо.

--Мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташуунун таасирдүү модели катары коомдук-менчик сектор өнөктөштүгүнүн дагы да кеңири колдонулушуна түркү болуу, ушул максатта адистерди даярдоо.

--Мүчө өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык алакаларды бекемдөө үчүн ыңгайлуу иш чөйрөсүн жаратууга карата мыйзамдык жана башкаруу талаптарын шайкеш келтирүүгө көмөк көрсөтүү.

--Мүчө уюмдарга, ар бир мүчө өлкөдөгү жалпы экономикалык абал, инвестиция мүмкүнчүлүктөрү, соода саясаттары жана мыйзамдык өзгөртүүлөр туурасында актуалдуу маалыматтарды берүү.

--Адистик тармактарын өнүктүрүү максатында өз кызматкерлери жана мүчөлөрүнүн кызматкерлери үчүн билим берүү курстарынын уюштурулушуна көмөк көрсөтүү.

--Жогоруда айтылган бул максаттарга карай атайын долбоорлор жана биргелешкен иш-чаралар боюнча Түрк кеңеши менен жакын кызматташуу жана сүйлөшүүлөрдү улантуу.

  Ал эми Түрк ишкердик кеңешинин шартынын үчүнчү беренесине караганда Түрк кеңешине мүчө ар бир өлкө, аты аталган өлкөнүн ишкерлерин өкүлдүк кылган улуттук уюм аркылуу Түрк ишкердик кеңешине мүчө өлкө катары катышууда. Аты аталган улуттук уюмдар төмөнкүлөр:

--Азербайжан Республикасынын Демилгечилер уюмунун улуттук конфедерациясы (ASK),

-- Казакстан Республикасынын Ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасы,

--Кыргыз Республикасынын Соода- өнөр жай палатасы,

--Түркия палаталар жана биржалар биримдиги менен Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңеши.

   Түрк ишкердик кеңешинин 2017-жылдагы бешинчи жыйыны 3-апрелде Казакстандын баш калаасы Астанада өткөрүлдү. Түрк кеңешинин башкы катчысы Рамил Хасановдун жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйынга Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу, Азербайжандын ишкерлер конфедерациясынын төрагасы Мамед Мусаев, Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев, Казакстандын ишкерлер палатасынын Башкаруу кеңешинин төргасы Аблай Мырзахметов катышты. Жыйында техникалык эксперттер деңгээлинде иш-чаралардын жүргүзүлүшү, Түрк кеңешинин биснес порталынан мүчө өлкөлөрдүн пайдаланышы, Түркия палаталар жана биржалар биримдиги тарабынан Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжандын адистерине ишкердик боюнча билим берилиши темалары каралды. Жыйындын алкагында Казакстандын ишкерлер палатасы менен Түркия палатасынын ортосунда кызматташуу жана жалпы палата түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Казакстан менен Түркиянын ортосундагы байланыштар учурда стратегиялык деңгээлде. Бул эки тараптуу карым-катнаштардын алгач Түрк кеңешинин карамагында төрт тараптуу (Кыргызстан менен Азербайжан), алдыдагы процессте да азырынча Түрк кеңешине мүчө болбогон Өзбекстан менен Түркмөнстандын кошулуусунда алтылык деңгээлге жеткирилиши Түрк дүйнөсү үчүн өтө пайдалуу болот. Булар менен бирге Түрк кеңешинин өзүнө таандык транспорттук коридору түзүлүүсү керек. Каспий деңизи аркылуу түзүлө турган коридор аймактык жана дүйнөлүк соода үчүн негизги тамырлардын бири болуу потенциялына эгедер.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 

 



Тектеш кабарлар