Казакстан латын алфавитине өтүү чечимин чыгарды

Казакстан 1929 -  жылдан 1940 - жылга чейин казак -  латын алфавитин колдонгон андан кийин кириллицага өткөн

711452
Казакстан латын алфавитине өтүү чечимин чыгарды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү мектептерде кириллицадан латын тамгасына өтүү жолдомосун берди. Назарбаев "Эгемен Казакстан" гезити үчүн жазган макалада жаңы латын алфавити жана график үчүн стандарттын жылдын акырына чейин даярдалышынын пландалгандыгын белгиледи. 

Назарбаев : "2018 - жылдан баштап жаңы алфавит менен билим берүү үчүн адистердин даярдалышы жана орто мектептер үчүн латынча сабак китептеринин басылышы, алдыбыздагы эки жылдын ичинде методикалык иштердин аткарылышы керек",- деди. 

Казак лидер биринчи этапта латын жана кириллица алфавиттеринин бирдикте клдонула аларын да билдирди. Казакстан 1929 -  жылдан 1940 - жылга чейин казак -  латын алфавитин колдонгон андан кийин кириллицага өткөн. 

 



Тектеш кабарлар