Кипрде жакшы ниет менен жолугушууну кайра баштадык

Президент Мустафа Акынжы, Кипр темасындагы сүйлөшүүлөрдө Түркиянын кепил өлкө катары процессти колдоосунун абдан маанилүү болгонун айтты.

711409
Кипрде жакшы ниет менен жолугушууну кайра баштадык

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, Кипр темасындагы сүйлөшүүлөрдө Түркиянын кепил өлкө катары процессти колдоосунун абдан маанилүү болгонун айтты.

Мустафа Акынжы жана Кипрдын Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис, Рум Парламенти чыгарган «Энозостин» (Аралдын Грецияга аннекцияланышы) белгиленүүсүнүн мектептерде майрамдалышы боюнча токтом чыгарышынан кийин бүдөмүккө түшкөн сүйлөшүү процессинде эки айлык мөөнөттөн кийин бейтарап аймакта БУУнун Жакшы ниет миссиясынын кеңсесинде кечээ кайра жолукту.

4 саатка созулган жолугушууга Түндүк Кипр Түрк Республикасынын сүйлөшүүчүсү Өздил Нами, Кипрдын Рум бөлүгүнүн сүйлөшүүчүсү Андреас Маврояннис, БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын өкүлү Элизабет Спехар менен башка адистер да катышты.

Акынжы жыйналыштан кийинки маалымдоосунда жолугушууда сүйлөшүү мезгилин программалоого аракет кылгандарын, кантип жыйынтыкка жетише ала тургандарын бири-бирилерине түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын айтты.

Апрель жана май айлары үчүн 4 жыйналыштын күнүн белгилегендерин айткан Акынжы, 20-апрель, 2,11, жана 17-май күндөрүндө жолугушуу чечимин чыгаргандарын билдирди.

Президент Акынжы алдыбыздагы процессте БУУга өздөрү дагы Рум тарабынын дагы калыстык милдетин бербегенин, БУУнун өздөрүнөн талабынын да бул эместигин белгилеп, БУУнун үстөлгө расмий сунуш коюшунун болбой турганын, бул темада Кипрдын Рум бөлүгү менен көз караштары бирдей экенин айтты.

БУУнун эки тарап алардан сураган учурда жана талабына жараша жардам берүүгө даяр экенин айтканын белгилеген Акынжы, Баш катчы Антонуо Гутерреш менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон жолугушуусунда да көз караштарынын ушундай болгонун тастыктагандарын айтты.

Акынжы жакшы ниет менен бүгүн (кечээ) сүйлөшүү процессин баштагандарын, сүйлөшүүчүлөрдүн тез-тез жолугуша трунргандарын, өздөрү белгилеген 4 жыйналыштан дагы көп сүйлөшө тургандарын да белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар