Түркия жана Евразия карым-катнаштары-9

Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу: ТҮРКСОЙ

688598
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-9

 

Түрк элдеринин ортосундагы маданий кызматташууну күчтөндүрүү үчүн түзүлгөн Түрк маданияты эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) жыйырма төрт жашта. Биз да бул жумадагы программабызда түрк дүйнөсүндө коомдук дипломатиянын негизги булагы болгон ТҮРКСОЙду жана иш-чараларын айтып беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Коомдук дипломатия өзгөчө 2000-жылдар менен бирге эл аралык карым-катнаштардын негизги түшүнүктөрүнүн арасына кошулду жана тышкы саясаттын маанилүү багыты болду. Суук согуштун аякташы, маалыматтык байланыш технологияларындагы ылдам өнүгүүлөр аркылуу коомдук дипломатия жаңы түшүнүккө айланды. Түркия 2000-жылдар менен бирге тышкы саясатында тарыхый жана маданий мурасын да баса белгилеп, көп жактуу тышкы саясат жүргүзүүүдө. Ушул алкакта коомдук дипломатия да таасирдүү тышкы саясаттын бир элементи болду. Түрк тышкы саясатынын негизги тармактарынын бири болгон Түркстан, бардык дүйнөлүк күчтөр чоң кызыгуу көрсөткөн  аймактардын бири болуп эсептелет. Ушундан улам аймакка карай маанилүү иш-чараларды жүргүзгөн Түрк маданияты эл аралык уюму Түрксойдун иш-аракеттерин иликтегибиз келип турат.

Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу болгон Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия Республикасынын маданият министрлери тарабынан кол коюлган меморандум менен түзүлгөн. Андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусия Федерациясына караштуу автономдуу республикалар Татарстан, Башкортостан, Алтай Саха, Тыва жана Хакасия менен бирге Молдовага караштуу Гагаузия ТҮРКСОЙго байкоочу мүчө катары кошулду. ТҮРКСОЙдун 6 негиздөөчү мүчөсү жана 8 байкоочу мүчөсү менен катар жалпы 14 мүчөсү бар.

ТҮРКСОЙ 24 жылдан бери Түрк элдеринин ынтымак жана туугандыгын бекемдөө, орток түрк маданиятын келечектеги муундарга жеткирүү жана дүйнө жүзүнө таанытуу үчүн аракет кылууда. Түзүлүү баскычында ТҮРКСОЙ деген ысым Түрк маданияты жана көркөм өнөр башкармалыгы деп белгиленген. Бирок кийин биргелешкен чечим менен бул ысым Түрк маданияты эл аралык уюму деп өзгөртүлгөн болчу.

ТҮРКСОЙдун иш-чараларын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу кеңеши белгилейт. Туруктуу кеңештин жыйындарында чыгарылган чечимдер ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы тарабынан ишке ашырылууда. ТҮРКСОЙ сүрөтчүлөрдүн жолугушуусу, опера күндөрү, адабият конгресстери сыяктуу салттык иш-чараларды өткөрүп турат. Ушундайча түрк дүйнөсүнөн илимпоз жана өнөрпоздордун өз тажрыйбаларын бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Түрк дүйнөсүнүн орток майрамы болгон- Нооруз, ТҮРКСОЙдун 2010-жылы ЮНЕСКОнун башкы борборунда 2011-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында уюштурган майрамдык иш-чарасынан кийин дүйнө жүзүнө таанытылды.  

ТҮРКСОЙ жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн жүздөгөн өнөрпоздун катышуусунда театрдан киного, музыкадан пластикалык көркөм өнөргө чейин ар түрдүү фестивалдарды өткөрүп келет. ТҮРКСОЙ журналдары менен да түрк элдеринин маданий мурасын кеңири массага жеткирүүдө. ТҮРКСОЙ журналы үч тилде (түркчө, орусча, англисче) басылып чыгат. Айрыкча ТҮРКСОЙдун басмаканасынан түрк диалектилери жана тилдеринде көптөгөн чыгарма басылып чыгып, 14 өлкөдө окурмандарга тартууланууда.

ТҮРКСОЙ өткөргөн эскерүү жыйындары жана жарыялаган эскерүү жылдары менен Түрк маданиятына кызмат кылган белгилүү адамдарды жаштарга таанытууда. ТҮРКСОЙдун маданий жашообузга кошкон салымдарынын бири да, түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаарын белгилеши. Бул иш-чаранын алкагында 2012-жылы Астана, 2013-жылы Эскишехир, 2014-жылы Казан жана 2015-жылы Түркмөнстандын Мары шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары деп аталды. 2016-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Шекиде өткөрүлгөн жыйынга катышкан бардык өкүлдөрдүн бир добушу менен чыгарылган чечимден кийин 2017-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Казакстандын Түркистан шаары болду. Мурдагы аты «Йеси» болгон Түркистан шаары, көз караштары жана таасири дагы деле Түрк дүйнөсүн багындырган Кожа Ахмед Йесеви жарык дүйнөгө келген жана өмүрүнүн акырына чейин жашаган жер болуп саналат.

Түрк кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду булар ТҮРКСОЙдун кызматташтыгындагы берки эл аралык уюмдар болуп саналат. ТҮРКСОЙ айрыкча бирдей принцип жана максаттарды бөлүшкөн ЮНЕСКО, ISESCO жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Гуманитардык кызматташтык фонду сыяктуу эл аралык уюмдар менен да кызматташууда.

ТҮРКСОЙдун Баш катчылык кызматын 2008-жылдын 29-майынан бери Казакстандын мурдагы маданият министри Дүсен Касеинов аркалап келе жатат. Башкы катчылыктын орун басарлык кызматында болсо Түркиянын белгилүү илимпозу проф. Фырат Пурташ бар. ТҮРКСОЙдо мүчө өлкөлөрдүн министрликтери тарабынан дайындалган өкүлдөрү да кызмат кылууда.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы, Түркиянын борбор шаары Анкарада жайгашкан. Учурда ТҮРКСОЙ Түрк тилдүү өлкөлөргө жана коомчулуктарга багытталган эң комплекстүү мекемелердин бири. Мүчө жана байкоочу мүчө өлкөлөрдүн Маданият-туризм министрликтеринин салымдары менен иш-чараларын уланткан ТҮРКСОЙ, көп жактуу кызматташуусу жана эки тараптуу коомдук дипломатиясы жагынан үлгү болуучу уюм болуп саналат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар