Астанадагы сүйлөшүүлөрдө АКШны ким өкүлдүк кылат?

АКШ 23-январда Астанада өткөрүлгөн жыйындын биринчисине элчисин жиберген болчу

686918
Астанадагы сүйлөшүүлөрдө АКШны ким өкүлдүк кылат?

Казакстандын борбор шаары Астанада 14-15-март күндөрүндө өткөрүлүшү пландалган Сирия сүйлөшүүлөрүндө АКШны дагы бир жолу элчи өкүлдүк кылат.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматкери билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөргө АКШнын Казакстандагы элчисинин катыша турганын айтты.

Астанага Вашингтондон делегациянын барбай турганын белгилеген жооптуу кызматкер: «Биринчи өткөрүлгөн жыйындан башкача ыкма колдонбойбуз деп ойлоймун»,-деп айтты.

АКШ 23-январда Астанада өткөрүлгөн Сирия жыйынынын биринчисине да элчисин жиберген.

Мамлекеттик катчылыгы буга себеп катары президент Дональд Трамптын кызматын өткөрүп алышынан улам Астанага Вашингтондон делегациянын жиберилбей турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар