Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке өткөрүп берет

Мыйзам долбоору парламенттен өттү

685408
Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке өткөрүп берет

Казакстан Парламенти, президенттин айрым ыйгарым укуктарынын өкмөт менен парламентке өткөрүп берилишин көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбоору, отурумга катышкан 105 эл өкүлүнөн 104үнүн «макул» добушу менен парламенттен өттү.

Бул мыйзам президент Нурсултан Назарбаев бекиткенден кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоору президенттин финансы, экономика, мамлекеттик менчик жана башкаруу тармактарында 23, берки мыйзамдардын алкагында да 35 ыйгарым укугунун парламентке берилишин көздөөдө.

Президент Баш мыйзамдын корголушу, коргонуу жана коопсуздук, тышкы жана ички саясат сыяктуу темалардан жооптуу болот.

Президент Назарбаев январь айынын аягындагы элге кайрылуусунда, башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу үчүн президенттин айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке өткөрүп берүү демилгесин билдирип, жума күнү да долбоорду Парламентке сунуштаган болчу.



Тектеш кабарлар