Түркия жана Евразия карым-катнаштары-8

Түркмөнстанда шайлоо жана Түркия

684264
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-8

Түркмөнстанда шайлоо жана Түркия

2017-жылдын 12-февралында Түркмөнстан жарандары президенттик шайлоо үчүн өз добуштарын беришти. Биз да бул жумадагы программабызда Түркмөнстанда өткөрүлгөн президенттик шайлоо жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түркмөнстан эли 12-февралда жаңы президентин белгилеш үчүн шайлоо участкаларына барышты. Шайлоодо учурдагы президент Гурбангули Бердимухамедов менен катар тогуз талапкер ат салышты. Президенттик шайлоодо Түркмөнстан демократиялык партиясынан талапкер көрсөтүлгөн учурдагы президент Гурбангули Бердимухамедов менен катар Түркмөнстан Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынын эл өкүлү «Рысгал» банктын башкы директору Атальев Бекмурат менен Аграр партиясынын жетекчиси Оразов Дурдугылыч ат салышты. Айрыкча Түркмөнстандын Мамлекеттик азык-түлүк өнөр жайы бирикмесинин директорунун орун басары Аннанепесов Максат, Ахал облусунун Экономика жана өнүктүрүү мекемесинин директору Желилов Сердар, Түркмөн мамлекеттик химия мекемеси «Гарабогазсулфат» өндүрүш бирикмесинин жетекчиси Нурнепесов Сулейманнепес, Дашогуз шаарынын мэринин орун басары Гурбанов Меретдурду, Сейди районунун мунай зат тазалоо ишканасынын директору эл өкүлү Дурдиев Рамазан менен Мары шаарынын мэринин орун басары Аннайев Жуманазар да президенттик шайлоо үчүн ат салышты.

15-февраль шаршемби күнү кабинет жыйынында Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төргасы Гулмурад Мурадов президенттик шайлоонун жыйынтыктарын коомдук пикир менен бөлүштү. Мурадов: «Түркмөнстан демократиялык партиясынын талапкери учурдагы президент Гурбангули Бердимухамедовдун добуштардын 97,69 пайызын алганы жана кайрадан президент болуп шайланганын билдирди.

Түркмөнстан конституциясындагы жаңы өзгөртүү менен президенттин кызмат мөөнөтү беш жылдан жети жылга көбөйтүлүп, 70 жаш болгон талапкерлик жашы алып салынды. Ушундайча өлкөнү алдыбыздагы жети жылда да Гурбангули Бердимухамедов башкарат. Шайлоого байланыштуу өзгөчө батыш медиасында сынга алуучу маалыматтар жана сереп салуулар жарыяланды. Бердимухамедовдон тышкаркы талапкерлердин иш-чара жана билдирүүлөрүнө мамлекеттик телеканалдарда абдан аз орун берилгендиги сөз кылынды.

Белгилүү болгондой Сапармурат Түркмөнбашы дүйнөдөн кайткандан кийин 2007-жылдын 11-февралында өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын 89,23 пайызын алган Гурбангули Бердимухамедов Түркмөнстандын экинчи президенти болуп шайланган. 1957-жылы туулган Бердимухамедов 1979-жылы Түркмөнстан Стоматология факультетин бүтүргөн. 1987-жылы доктарантура окуш үчүн Москвага барды жана 1990-жылы бүтүрдү. 1990-1995-жылдардын аралыгында Стоматология факультетинде алгач жардамчы болду, андан соң декан болуп дайындалды. Түркмөнбашынын колдоосу менен саясат ишин баштаган Бердимухамедов Түркмөнстан өкмөтүндө орундугун туруктуу коргогон министр болду. Эске сала кетсек Түркмөнбашынын акыркы кызмат мөөнөтүндө Түркмөнстанды эл аралык иш-чараларда дайыма Бердимухамедов өкүлдүк кылды.

Түркмөнстан дүйнөдө газ резервине бай өлкөлөрдүн арасында төртүнчү орунда турат. Негизги киреше булагы болгон газ бааларынын үч жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик жарым-жартылай төмөндөшү 2016-жылы Түркмөнстанды экономикалык жактан кыйнады. Бердимухамедов бул маселени чечүү үчүн өз долбоорун иштеп чыкты. Кытайдын колдоосу менен түркмөн газын Кытайга ташый турган түтүк жол салып жатат. Бул долбоор аркылуу Түркмөнстандын Кытайга 30 миллиард куб метр газ экспорттой турганы божомолдонууда.

Газ секторундагы рецессиянын айынан бул сектордо иштеген түркмөндөрдүн 50 пайызы убактылуу жумушсуз калды. Газ секторундагы рецессия өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизди жана ун, шекер, май сыяктуу негизги азыктарга болгон талаптарда да маселе жаралды.

Түркмөнстан «туруктуу бейтарап мамлекет» статусунан улам эл аралык уюмдардан жана берки өлкөлөрдөн маселелери боюнча колдоо алуудан алыс турат. Бирок бул процеесте Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) мүчөлөрүнөн (Түркия менен катар) колдоо алса көйгөйлөрүнүн тез арада чечилишине жардамчы болмок. Түркмөнстандын Түрк кеңеши менен карым-катнаштарын өнүктүрүүсү, бардык жактан (экономикалык-саясий-маданий ж.б) өзү үчүн пайдалуу болот.

Түркия менен Түркмөнстан Түрк дүйнөсүнүн ичинде Огуз уруусуна кирген мамлекеттирден экөөсү. Алдыбыздагы процессте эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарда терең кызматташтыкты максаттаган кеңири стратегиялар түзүүсү керек. Бул стратегиялар орто жана узун мөөнөттүү перспективада мамлекеттик саясат катары ишке ашуусу зарыл. Аймактык экономикалык саясаттардын өнүктүрүлүшүндө бейөкмөт уюмдары, мамлекеттик мекемелер, университеттер жана ой пикир мекемелеринин ортосунда таасирдүү кызматташтык жана координация камсыздалышы керек.

Түркия Республикасы, Түркмөнстанда кызмат көрсөткөн жана ири долбоорлорду ишке ашырган түркиялык менчик сектор фирмаларына колдоо көрсөтүп, аларды көзөмөлгө алышы зарыл. Мыктыларын шыктандырып, жаман үлгү болгондорго бөгөт коюшу керек. Түркия бул фирмалардын жогорку жетекчилери жана техникалык кызматкерлеринен коомдук дипломатия максатында пайдаланып, аларды лобби иштеринде колдонуусу зарыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Мердимухамедовду биринчилерден болуп куттуктады. Жыйынтык катары Түркмөнстан да арасында болгон Түрк Республикалары Түрк тышкы саясатында негизги орунду ээлейт. Ушул алкакта тарыхый байланыштар менен катар Түркиянын рационалдуу тышкы саясат тандоолорунда Түркмөнстан өзгөчө мааниге эгедер.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар