Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 09

Түркиянын Нигде шаарында 2017 – жылдын 26 – 28 -  апрель күндөрү 4 -  Эл аралык түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөр симпозиуму өткөрүлөт

678743
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 09

Урматтуу окурмандар, жумалык берилүүчү Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Бул жумадагы биринчи кабарыбыз Түркиядан.

Түркиянын Нигде шаарында 2017 – жылдын 26 – 28 -  апрель күндөрү 4 -  Эл аралык түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөр симпозиуму өткөрүлөт.

Казак мамлекеттик кыз  - келиндер педогогикалык университети, Өмер Халис Демир университети, М. Акмулла Башкурт мамлекеттик педогогикалык университети жана Баку Евразия университети биргелеше өткөрө турган илимий жыйын оболу түрк дүйнөсү тармагында иликтөөлөрдү жүргүзгөн илимпоздорду жолугуштуруу менен илимий көз караштардын бөлүшүлүшүн максат кылынууда.

Симпозиумда түрк дүйнөсүнүн актуалдуу маселелери, тил, адабият, тарых, илим, маданият, эл аралык карым – катнаштар, экономика, дин, философия, социология сыяктуу тармактарда паннель отурумдарынын өткөрүлүшү пландалууда.

Жыйынга катышуу үчүн 3 -  март күнгө чейин бир гана түрк тилинде жазылган илимий макалаларды тартипке салуу комитетине жиберүү керек.

1 -  симпозиум 2014 -  жылы Нигде университетинде өткөрүлгөн. 2 -  симпозиум 2015 -  жылы Алматыда Казак мамлекеттик кыз – келиндер дедагогикалык университетинде,  3 -  жыйын 2016 -  жылы Баку Евразия университетинде өткөрүлгөн.

Эми кезекте Өзбекстандан бир кабарыбыз бар.

АКШ – Өзбекстан дипломатиялык карым – катнаштарынын 25 -  жылы. АКШнын президенти Доланьд Трамп өлкөсүнүн Өзбекстандын жана ага коңшу өлкөлөрдүн эгемендиги, көз карандысыздыгы жана жеринин бүтүндүгү, бул өлкөлөрдүн Орто Азиянын дагы да өнүктүрүлүшүнө жана биримдигинин күчтөндүрүлүшүнө карата аракеттерин колдогондугун белгиледи.

Өзбекстан президенттигинин басма сөз офисинен берилген маалыматка караганда Трамп Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын башталышынын 25 жылдыгынан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге кат жиберди. Мирзиеевди куттуктаган Трапм  катында : «Биз эки тараптуу карым – катнаштарда алынган жыйынтыктардан сыймыктана алабыз. Келерки жылдарда аймактык коопсуздук жана ырааттуулук тармактарында жалпы максаттарыбыздын турмушка ашырылышы үчүн сиз менен кызматташтык ичинде  иштейбиз деп үмүт кылабыз. АКШ Өзбекстандын жана ага коңшу өлкөлөрдүн эгемендиги, көз карандысыздыгы менен жеринин бүтүндүгүн, бул өлкөлөрдүн Орто Азиянын дагы да өнүктүрүлүшүнө карата аракеттерин колдойбуз»,- деди.

Өзбекстандын президенти Мирзиеев да Трампка жиберген катында өткөн мезгилде бири бирине карата достук жана өнөктөштүк карым – катнаштарынын бекем пайдубалынын түптөлгөндүгүн белгилеп, көп тараптуу бул кызмтаташтыктын ылдам өнүккөндүгүн баса белгиледи.

Өзбекстандын тышкы саясатынын негизги принциптери жана негиздеринин өзгөрбөстөн улантыларын белгилеген Мирзиеев Өзбекстандын АКШ менен карым – катнаштарынын сакталышы, көп тараптуу кызматташтыктын дайыма өнүктүрүлүшү жана бекемделишин жактагандыгын белгиледи.

 

Кезекте Казакстандан кабарыбыз бар.

 “EXPO-2017нин” негизинде 10 – июнь жана 10 -  сентябрь күндөрү жалпы 3000ге жакын иш чаранын өткөрүлөрү билдирилди. Программа  10 -  июнда «Казанат»  ипподромунда курула турган казак айылында улуттук маданият жана спортторду таанытуу менен башталат. Ошондой эле  казак айылында «Усталар очогу», «Улуттук ашкана борбору», «Улуу Жибек Жолу базары» иштейт. Айрыкча Ла Скала жана Пласидо Доминго Опералия менен Марин  театрлары да сахнага чыгат.

Кытай элчилигинин салымы менен белгилүү «Терракотта армиясы» Казакстан улуттук музейинде көрүүчүлөр менен жолугушат. Булар менен бирге эски Египет археологиялык табылгалары да көргөзмөгө коюлат. Ошол эле учурда Орусия Эрмитаж музейи, Франциянын Улуттук музейлер биримдиги сыяктуу музейлердин биргелешкен эмгектери да көрүүчүлөргө сунушталат. EXPOнун негизинде ачык абада балет жана опера программаларынын да өткөрүлөрү белгиленди.

Астанада EXPO программасы «Түрквизион» ыр конкурусу менен улантылат. Маданий программалар менен бирге спорттук иш чаралардын да өткөрүлөрү билдирилди. Спорттук программасынын негизинде 5 дүйнө жана 2 Азия чемпиондуктарынын футбол жана теннис жарыштары өткөрүлөт. Кенен маалымат үчүн expo2017culture.kz сайтына кирүүгө болот.

Акыркы  кабарыбыз Татарстандан.

Казандагы Түркия башкы консулу Дилмач : «Түрк жана татар тарыхы орток»,- деди.

Түркиянын Казандагы башкы консулу Турхан Дилмач Түркиянын Татарстанга болгон кызыгуусунун күн сайын арткандыгын айтты. Татар  -  информ агенттигине маалымат берген Дилмач бири бирине карата жогорку деңгээлдеги сапарлардын кошкон оң салымына көңүлдөрдү буруп : «Адамдар гезиттерден Түркия премьер – министринин Татарстанды зыярат кылгандыгын окуп жана Орусияда татар тили сүйлөшүлгөн аймактардын бар экендигин, бул аймактарда түрк элинин жашагандыгын билип, кызыгуулары артууда. Татарстандын президентинин да Түркияга сапар менен келгенде басма сөздөн ушуга окшогон кабарлар чыккан».

Башкы консул  орток тарых тууралуу буларды да айтты : «Түрк дарандарына татар калкынын тарыхын түшүндүрүү үчүн Маржани институту менен бирдикте Татарика атласы түрк тилине которулду. Атластын  бөр бөлүгүндө  орток тарыбыхыб орун алган. Волга болгарларынын тарыхы бизин да тарыхыбыз. Себеби болгарлар исламиетти кабыл алган алгачкы түрк тилдүү калк. Түрк кагандыгы жана башка эски мамлекеттер бизди бири бирибиз менен байланыштырат. Андан сырткары татарлар менен түрктөрдүн арасындагы карым – катнаштар 100- 150 жыл мурун курулган. Юсуф Акчура сыяктуу көп сандаган орток киши бар. Булардын бирөөсү Садри Максуди. Түркия премьер – министри Казандагы Стамбул паркында Максудинин айкелинин ачылышын аткарды. Ушул сыяктуу кишилер Түркияда жана Татарстанда билинген сайын жаштар элдердин арасындагы ортоктукту дагы жакшы түшүнөт. Биз да бул үчүн аракет кылуудабыз».

Башкы консул спорттун да карым – катнаштардагы оң салымынын бар экендигин кошумчалап : «Гөкдениз Карадениз ойногон Рубин командасы Түркияда абдан жакшы билинүүдө. Түрк баскетбол командалары бат – бат Казанга барууда. Мунун мааниси абдан чоң»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар