Путин Астанада Назарбаев менен жолукту

Владимир Путин да Орто Азия өлкөлөрүнө сапарынын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстанга да барат.

681122
Путин Астанада Назарбаев менен жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин, Сирия кризисинин чечилиши үчүн Астанада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин көмөгү менен ушул убакка дейре жетишилбеген жыйынтыктарга жетилгенин айтты.

Расмий сапар менен Казакстандын борбор шаары Алматыга барган Орусиянын мамлекет башчысы Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан салтанатуу азем менен тосулду.

Тосуп алуудан кийинки бетме-бет жолугушууда Казакстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана глобалдык абалдар да каралды.

Сирия кризисинин чечилиши үчүн Астанада болгон жолугушуулардан улам Назарбаевге ырахматын айткан Путин, Казакстандын Орусиянын маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнөн бири болгонуна көңүл буруп, эки өлкүнүн ортосундагы сооданын арттырылышы жана ырааттуу өсүү кызматташтыгынын камсыздалышы керектигин да айтты.

Назарбаев да өлкөсү менен Орусиянын Сирия кризиси менен катар глобалдык абалдарга да бирдей карагандарын белгилеп: «Орусия, Сирия кризиси менен катар эл аралык маселелердин чечилиши үчүн чараларды көрүүдө. Сирия сүйлөшүүлөрүнүн Астанада өткөрүлүшүн да Орусия сунуштаган эле. Процесс баштатылды. Айрыкча 8-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун жолугушууларынын да Астанада өткөрүлүшү күтүлүүдө»,-деп айтты.

Назарбаев жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын эки тараптуу ишеним жана түшүнүшүүнүн алкагында жүрүп жатканын баса белгилеп кетти.

Владимир Путин да Орто Азия өлкөлөрүнө сапарынын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстанга да барат.



Тектеш кабарлар