Азербайжан-Катар карым-катнаштары

Эки өлкөнүн ортосунда бир канча келишимге кол коюлду

681062
Азербайжан-Катар карым-катнаштары

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий сапар менен барган Катарда Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Азербайжандын Президенттик кызматынан маалымдалгандай, делегациялар аралык жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Алиев менен Аль Тани да катышкан аземде, тийиштүү министрлер эки өлкөнүн ортосунда маданият, спорт, деңиз иштери, жергиликтүү авиация, аба транспорту жана экология тармактарындагы келишимдерге кол коюшту.

Алиевди Катардагы жолугушууларында тышкы иштер министр Элмар Мемедияров, экономика министри Шахин Мустафаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кемаледдин Гайдаров коштоп жүрүштү.



Тектеш кабарлар