Түркия жана Евразия карым-катнаштары-7

​​​​​​​Түркия менен АКШнын Түркстандагы коомдук дипломатия иштери

678886
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-7

Түркия менен АКШнын Түркстандагы коомдук дипломатия иштери

 Коомдук дипломатия өзгөчө 2000-жылдар менен бирге эл аралык карым-катнаштардын негизги түшүнүктөрүнүн арасына кирди жана тышкы саясаттын маанилүү багыты болду. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия менен АКШнын Түркстандагы коомдук дипломатия иштерин салыштырып беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

АКШнын аймактагы негизги максаты Орусиянын маданий таасирдүүлүгүнүн бузулушу жана аймак өлкөлөрүнүн көз карандысыздыктарынын күчтөнүшү. Болжол менен Кыргызстанда 143, Тажикстанда 81, Казакстанда 76, Түркмөнстанда 29 жана Өзбекстанда 21 АКШ булактуу бейөкмөт уюмдары бар. Бул уюмдардын көпчүлүгү Адам укуктарына байкоо салуу уюму (Human Rights Watch), Сорос фонду (Soros Foundation), Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists)  сыяктуу эл аралык мекемелердин уландылары. Орусиянын аймактагы таасирдүүлүгүн кайрадан арттыруусу жана «Ар түрдүү төңкөрүштөр» тажрыйбасынан кийин аймактын элиталары бейөкмөт уюмдарына карата этият мамиле кылууларынын негизинде бул мекемелер таасирдүүлүгүн жарым-жартылай жоготту.

Түркиянын аймакка багытталган жалпы саясаты аймак өлкөлөрүнүн эгемендүү, саясий жана экономикалык ырааттуулукка эгедер, эл аралык коомчулук менен бүтүндөшкөн мамлекеттер катары бар болууларына колдоо көрсөтүүдө. Түркия бул саясаты менен аймак өлкөлөрүнүн негизги өнөктөшүнө айланды. Түркиянын аймакка карай коомдук дипломатия иштери маданият, билим берүү, медиа жана өнүктүрүү жардамдары аркылуу улантылууда. Ушул алкакта ташталган алгачкы кадамдардын бири түрк маданият жана көркөм өнөрүнүн, тилинин, тарыхый мурасынын корголушу, бул баалуулуктардын дүйнө жүзүнө таанытылышы жана жаш муундарга өткөрүп берилиши максатында 1993-жылы Эл аралык Түрк маданият уюмунун (ТҮРКСОЙ) түзүлүүсү болду. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен катар Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусия Федерациясына караштуу 6 автономдуу республика жана Молдовага караштуу Гагаузия да байкоочу өлкө сыпаты менен ТҮРКСОЙго мүчө болуп саналат.

Аймакта либералдык экономиканы жайылтууну жана жеке ишканаларды өнүктүрүүнү максаттаган АКШ мекемеси, Борбордук Азиядагы Америка демилгечилик фонду (Central Asia American Enterprise Fund - CAAEF) аттуу Bank of America колдоо көрсөткөн мекеме болуп саналат. Учурда Америка-Борбордук Азия билим берүү мекемеси (U.S.–Central Asia Education Foundation) атында иш-чараларын жүргүзүп жаткан бул мекеме, аймакта ишкердик маданиятты жайылтуу, демилгечиликти өнүктүрүп ачык рынок экономикасын жайгаштыруу үчүн аракет кылууда.

Аймак менен карым-катнаштарында билим-берүү иштерине өзгөчө маани берген Түркия 1992-жылы башталган «Ири студенттик долбоор» аркылуу Түрк Республикаларынан жүздөгөн студентти коноктоду. Учурда «Түркия стипендиялары» аттуу кеңири стипендия программасы Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул программанын ичинде орун алган «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн стипендия программасынын» алкагында жыл сайын ондогон жаңы студент Түркиядагы университеттерге кабыл алынууда. Айрыкча түрк тилинин жайылтылышына карата иш-чаралары менен Түркиянын маанилүү коомдук дипломатия булактарынын бирине айланган «Юнус Эмре» атындагы институту, Астана жана Бакудагы борборлору аркылуу аймакта кызмат көрсөтүүдө. Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу Кыргызстан жана Түркмөнстанда төрттөн, Казакстан жана Өзбекстанда болсо бирден билим берүү мекемеси бар.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1997-1998-жылдагы окуу жылынан бери иштеп келе жатат. 2014-2015-жылдагы окуу жылынын көрсөткүчтөрүнө караганда  9 факультет, 4 жогорку мектептер, 1 кесиптик жогорку мектепте 4891 жогорку окуу жана жогорку окуу даярдыгы, 2 институтта болсо 243 магистратура жана докторантура студенти билим алууда. Түрк дүйнөсүнүн алгачкы орток мамлекеттик университети болгон Ахмет Йесеви университети, билим берүү жана изилдөө иштерин Казакстандагы кеңсесинде жүргүзүп келе жатат. 880 академик кызматкери болгон университетте экономика, тарых жана билим берүү, түркология жана чет тилдер филологиясы, укук, медицина, так илимдер, спорт, көркөм өнөр, информатика жана инженердик факультетери бар.

Американын Борбордук Азия университети (American University of Central Asia, AUCA) АКШнын аймактагы эң негизги билим  берүү мекемелеринин бири. Аймакта келечектин лидерлерин даярдоону максаттаган бул мекеме жыл сайын болжол менен 500 чакты мыкты студентти кабыл алып, 15 өлкөдөн студенттерге билим берүүдө. Америка булактуу дагы бир билим берүү мекемеси 1997-жылы Алматыда ачылган Казак-Америка университети болуп саналат.

Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги-ТИКАнын Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда жүргүзүп жаткан билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, токой чарба, айыл чарба жана мал чалбачылык долбоорлору бар.

Суук согуш убагында АКШнын эң негизги пропаганда жолдорунун бири катары түзүлгөн Эркин Европа радиосу (Radio Free Europe/Radio Liberty, RFE/RL) бардык пост Совет аймагында болгону сыяктуу Орто Азияда да тыгыз иштеп келе жатат.

Ал эми 2009-жылдын 21-мартынан бери берүүлөрүн улантып келе жаткан жана Түрк дүйнөсүнүн орток үнү болууну максаттаган ТРТ Аваз телеканалы Түркиянын аймакка багытталган эң маанилүү инвестияларынын бири болуп саналат. Каналда казак, кыргыз, өзбек жана түркмөн тилдери менен катар Азербайжан түркчөсү жана босния тилинде да программалар тартууланууда. Каналда түрк сериалдары да ар башка түрк диалектилеринде берилип жатат. Анадолу агенттигинин орусча берүүлөрү болсо Түркиянын үнүн аймакка жеткирген дагы бир канал болуп саналат. Айрыкча ТРТнын Чет өлкөгө берүүлөр департаментинин түрк диалектилеринде (Азериче, казакча, кыргызча, түркмөнчө, татарча, уйгурча) чыккан радио берүүлөрү бул тармактагы маанилүү коомдук дипломатия инструменти болуп эсептелет.

Жыйынтыктасак Америка Кошмо Штаттары жана Түркия Республикасынын тажрыйбаларын талдай турган болсок АКШнын мамлекеттик ой-пикири тарабынан башкарылган бейөкмөт уюмдары менен аймакта коомдук дипломатия иштерин жүргүзгөнүн көрүүдөбүз. Кытай менен Орусия сыяктуу актерлор болсо аймактагы иштерин мамлекеттик булактар аркылуу түздөн-түз жүргүзүп жатканын билебиз. Түркия болсо бул тажрыйбалардын арасында өзүнө таандык ийгиликтүү моделин түзүүгө аракеттенип жатат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун уктуңуздар. 



Тектеш кабарлар