Илхам Алиевдин жубайы биринчи - вице - президент болуп шайланды

Президент болбогон кездерде бардык жоопкерчиликтер  кол тийбестик укугуна ээ  биринчи – вице  - президентке берилет

677111
Илхам Алиевдин жубайы биринчи - вице - президент болуп шайланды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жубайы Михрибан Алиеваны президенттин биринчи - вице - президенти кызматына алып келди.

Президенттиктен берилген маалыматта президент Алиевдин Михрибан Алиеваны конституциянын тийиштүү беренелери боюнча «президенттин биринчи вице - президенттигине» алып келгендиги билдирилди.

Азербайжанда 2016 -  жылы 26 -  сентябрда болгон элдик добуш берүү менен конституцияда кээ бир өзгөрүүлөр киргизилген. Шайлоочулардын 86, 6 пайызы «кабыл» добушун берген элдик добуш берүүдө «биринчи – вице - президент» жана «президенттин орун басарларынын» шайлануусуна чечим чыгарылган болчу.

Жаңы конституция боюнча бул орундуктарга дайындоо жана кызматтан алуулар президент тарабынан ишке ашырылууда. Президент болбогон кездерде бардык жоопкерчиликтер  кол тийбестик укугуна ээ  биринчи – вице  - президентке берилет.  



Тектеш кабарлар