Түркия жана Евразия карым-катнаштары-6

Түркстанда ДЕАШ коркунучу

674727
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-6

Түркстанда ДЕАШ коркунучу

2017-жылдын башында Түркияда болгон жана ДЕАШ моюнга алган террордук кол салуу Түркияда жана Евразияда негизги күн тартип беренелеринин бири болду. Кол салууну аткарган террористтин этникалык өздүгү боюнча талаш-тартыштарда Борбордук Азия/Түркстан үчүн ДЕАШ коркунучунан сөз кылынды. Биз да бул жумадагы программабызда ушул теманынын туура же туура эмес экендигин кеңири талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар. 

Жаңы жыл түнү Стамбулдун белгилүү түнкү клубу Реинага ДЕАШ тарабынан террордук кол салуу болуп, 39 адамдын өмүрүн алган. Ал окуянын себеп жана кесепеттери Евразия аймагында дагы деле талкуулап жатат. ДЕАШтын буга чейин дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде ишке ашырган кол салууларынын тескерисинче бул жолу Түркия жана дүйнөлүк коомдук пикирде кол салууну аткарган террористтин өздүгү боюнча талаш-тартыштарга токтолобуз.

Реина кол салуусу жана кол салууну аткарган террористтин кармалышынан кийин колубуздагы деталдарга карап көрсөк: террорист тажик улутундагы өзбек жараны. Көрсөтмөлөр ирактык араб. Кармалган үйдөгү уюмга мүчө аялдар сенегалдык, египеттик, сомалилик. Үйдүн ээси түрк жараны. Кол салуунун курмандыктары болсо Израиль, Ливан, Индия, Сауд, Тунис, Ирак, Кувейт, Канада жана Түркия жарандары. Булардын улуттары жагынан да аралаш болгонуна карабастан талаш-тартыштар көбүнчө ДЕАШтын Түркстан/Борбордук Азиянын жаңы базасы/борбору болгону айтылууда. Анда бул туурабы? Бүгүнкү программабызда ушул теманы ачыкка чыгаргыбыз келип жатат.

ДЕАШ ушул учурга чейин жүздөгөн террордук кыймылды ишке ашырды. Биринчи жолу кол салууну кылган террористтин теги жана улуту күн тартипти кеңири ээледи. Анда эмне себептен? Бул суроого жооп берүүнүн алдында ДЕАШка мүчө террористтердин өлкөлөргө жараша белгиленген көрсөткүчтөрүнө көз чаптыралы.

2016-жылдын март айында жарыяланган көрсөткүчтөргө караганда ДЕАШка кошулган чет элдик согушкерлердин улутуна жараша тизмелөөдө биринчи он өлкө төмөнкүлөр:

Тунис

6500

Сауд Аравия

2500

Орусия

2400

Иордания

2250

Түркия

2100

Франция

1700

Маракко

1350

Ливан

900

Египет

800

Германия

760

 

Ал эми 2015-жылы жарыяланган изилдөөгө караганда ДЕАШка кошулган айрым өлкөлөр төмөнкүчө тизмеленеген:

Иордания

315

Тунис

280

Сауд Аравия

107

Босния

92

Косово

83

Түркмөнстан

72

Албания

46

Белгия

46

Өзбекстан

33

Швеция

32

Палестина

28

Дания

27

Тажикстан

24

Франция

18

Австрия

17

Нидерландия

15

Финляндия

13

Орусия

12

Казакстан

8

Түркия

6

Кыргызстан

5

 

Буга байланыштуу көп сандаган изилдөөлөр бар. Биз экөөнү гана мисалга алдык. Колубузда бул тема боюнча так көрсөткүчтөр жок. Бирок жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу жалпы пикирге келүү мүмкүн. Берки көрсөткүчтөр да интернет чөйрөсүндө жарыяланды. Каалагандар интернет аркылуу бардык көрсөткүчтөрдү көрө алышат.

Көрсөткүчтөргө караганда бүткүл дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр сыяктуу Түркстан/Борбордук Азия өлкөлөрүнөн да ДЕАШка кошулгандар бар. Бирок бул кошулуулар Иордания, Тунис сыяктуу Жакынкы Чыгыш Түндүк Африка өлкөлөрү менен Босния, Косово, Албания сыяктуу Балкан өлкөлөрү менен жана Европа өлкөлөрү менен салыштырылганда абдан аз. Бирок аймактык жана дүйнөлүк коомдук пикирде көбүнчө ДЕАШтын түркстандык террористтери сөз болуп жатат. Мунун артында турган негизги себептер булар: Түркстан аймагындагы айрым режимдер мыйзамдуулуктарын эң биринчи радикалдуу ислам айтымдары жана терроризм коркусу аркылуу камсыздап жатышат. Бул пропаганда аты аталган режимдердин ишине жарайт. Ансыз деле бул пропаганданы жайгандардын башында да ушул режимдер турат. Америкадагы 11-сентябрь кол салуусунан кийин Кытай Эл Республикасы дүйнө жүзүнө уйгур маселесин радикалдуу ислам жана Аль-Каида аркылуу (учурда ДЕАШ аркылуу) жайды. Бирок 11-сентябрдан мурда Кытай уйгурлар менен радикалдуу исламды бирге сөз кылган эмес. Ошондуктан бул пропаганда Кытайдын да ишине жарайт жана Кытай да бул пропаганданы жайгандардын арасында. Орусияда да бул айтымдар жактырылып, ага кулак салынууда. Анткени бул айтымдар Орусиянын Түркистан аймагында коопсуздукту камсыздаган актер ролун күчтөндүрүүдө. Орусиянын Түркстанга багытталган саясаттарын мыйзамдаштырууда. Түркстан аймагын жакшы билбеген чет элдик адистер да түздөн-түз бул пропагандаларды кабыл алып, мунун жайылышына салым кошууда. Дагы бир жагдай болсо ар түрдүү саясий жана идеологиялык максаттар менен буларды жайган топтор. Муну өзгөчө Түркияда көрүп жатабыз. Түркиянын жүргүзгөн көп тараптуу/көз карандысыз тышкы саясатына жана Түркиянын Түркистанга багытталган иш-чараларына ичи тарыган ар түрдүү топтор бул пропаганданы атайын жайып жатышат.

Жыйынтык катары «Түркстанда ДЕАШ коркунучу барбы? деген суроого «ооба бар» десек болот. Бирок Түркия жана дүйнөлүк коомдук пикирде апыртылган деңгээлде «Түркистанда ДЕАШ коркунучу барбы?» деген суроого жообубуз «жок» болот.

Түркстанда учурда ДЕАШ коркунучуна каршы эң негизги ролду Ханафи / Матуриди суфий Түрк-Ислам топтору ойнойт. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Өзбекстанга сапарында, мамлекеттик жетекчилер менен бирге Имам Матуридинин күмбөзүнүн алдында түшкөн фотосүрөтү ушул жагынан маанилүү билдирүү болуп саналат.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар