Кипр сүйлөшүүлөрү такалды

Энозис референдум күнүн белгилөө чечиминин себебинен башталган талаштарга, Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадистин лидерлер жолугушуусундагы терс мамилеси да кошулду.

674679
Кипр сүйлөшүүлөрү такалды
çavuşoğlu kıbrıs.jpg

Кипр сүйлөшүүлөрү дагы бир жолу Рум башкаруучулугунун макулдашылгыс мамилелеринин себебинен такалды.

Рум Өкүлдөр палатасынын чыгарган Энозис (Кипрдин Грецияга кошулушу) референдум күнүн белгилөө чечиминин себебинен башталган талаштарга, Рум башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадистин лидерлер жолугушуусундагы терс мамилеси да кошулду.

Кечээ болгон лидерлер жолугушуусунда түрк тарабы Анастасиадистин Парламенти чыгарган чечиминин ордун толуктай турган кадамын ташташын күтүп жатканда Рум лидери, атмосфераны жумшартуунун ордуна эшикти катуу жаап сүйлөшүү үстөлүн таштап кетти.

Анастасиадистин бул мамилесине карата Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы, рум тарабы урмат-сый көрсөтпөгөн чөйрөдө сүйлөшүү процессинин уланышы мүмкүн болбой турганын айтты.

Рум башкаруучулугунун лидеринин Кипр түрк калкынын сезимталдыгын түшүнбөгөнүн белгилеген Акынжы: «Рум лидери бизге, өз коомчулугунда жана дүйнө жүзүнө да Энозис сыяктуу ой-пикирлеринин мындан ары пайда алып келбей турганын көрсөтүшү керек»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, Чоң жыйырмалык жыйналышы үчүн барган Германиянын Бонн шаарындагы баа берүүсүндө бул абалдын Рум тарабынын сүйлөшүүгө жана аралдагы процесске көз карашын көрсөткөнүн айтты.

Рум Парламенти кабыл алган Энозис токтомунун Түркия жана Кипр түркү үчүн кабыл алынгыс экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Кипрдин Грецияга кошулушун дагы деле көрсөтүшүүдө. Токтом кабыл алып, сабактарда окутушат экен. Б.а. максаттарынан баш тартышпаптыр. Бир тараптан Түркиянын кепилдигине жана коопсуздук темаларына эми муктаждык жок деп коюшат. Булардын чыныгы ниети бул кылыктары менен ачыкка чыкты»,-деди.

Сүйлөшүүлөрдүн акыбетинин Рум тарабына байланыштуу болгонун да баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Сүйлөшүүнү каалашса ал үстөлгө кайтышат. Каалашпаса өздөрү билсин. Эми мындай сүйлөшүү экинчи болбойт, биз да керектүү нерселерди кылабыз»,-деп айтты.

БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде да Анастасиадистин сүйлөшүү үстөлүнөн туруп кеткенине байланыштуу, «Сүйлөшүүлөрдө татаал мезгилдебиз»,-деди.

Бул тема тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке маалымат бергенин айткан Эйде, Гутерриштин абалдын оң жакка тартылышы үчүн колунан келгенин кылышын каалаганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар