Азербайжанда террордук топко операция жүргүзүлдү
Алар өлкөдө террордук кол салууларды пландап жатышкан
663042
![Азербайжанда террордук топко операция жүргүзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/35c0/1afa/1906/589194f0719da.jpg?time=1718873730)
Азербайжанда Мамлекеттик коопсуздук кызматы жүргүзгөн операцияда 4 террорист жок кылынып, 1 террорист тирүү кармалды.
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө караганда, чет өлкөлүк экени аныкталган жана өлкөдө террордук кол салууларды пландаган топко операция жүргүзүлдү.
Операцияда террористтердин коопсуздук күчтөрүнө мылтык жана тапанчалар менен ок атканы, аларга каршылык көрсөтүүдө 4 террорист өлтүрүлүп, «Абдулхалит» аттуу бир террористтин болсо тирүү кармалганы белгиленди. Ал эми операциянын жери туурасында маалымат берилген жок.