Кипр тууралуу сүйлөшүүлөр уланат

Эспен Барт Эйде жумушчу топтордун «Коопсуздук жана кепилдиктер» темасын караган эки күндүк иштерин ийгиликтүү аяктагандарын жарыялады.

655645
Кипр тууралуу сүйлөшүүлөр уланат

Кипр маселесине туруктуу чечим табыш үчүн Швейцариянын Женева шаарында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы кечээ аяктады.

Аралдагы маселеге чечим табыш үчүн 12-январда БУУнун Женевадагы кеңсесинин кожоюндугунда өткөрүлгөн эл аралык конференцияга тыныгуу берүүдөн кийин кепил өлкөлөр Түркия,Греция, Англия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Кипрдин Рум бөлүгүнөн адистер жана техникалык делегациясынын катышуусунда кечээ кайрадан башталган.

БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде жумушчу топтордун «Коопсуздук жана кепилдиктер» темасын караган эки күндүк иштерин ийгиликтүү аяктагандарын жарыялады.

Алынган маалыматка ылайык  жумушчу топтор коопсуздук жана кепилдиктер темасын бардык жагынан карап чыгышты.

Эң оболу тараптар, бул темага байланыштуу өз көз караштарын жана эскертүүлөрүн каттатышты.

Экинчи баскычта болсо бул эскертүүлөр жана санааркоолордун жоюлушу үчүн кайсы инструменттердин колдонула ала турганы жөнүндө сунуштар каралды.

Эки күндө бардыгы 4 башка жыйналышта өткөн сүйлөшүүлөрдүн акырында кандайдыр бир түрдө коопсуздук жана кепилдиктер темасы иликтенди жана андан кийинки баскыч үчүн техникалык даярдыктар бүтүрүлгөн болду.

Тараптардын үчүнчү күндө эки жактуу сүйлөшүүлөр жана кайчылаш сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө.

Андан кийинки процессте тараптардын эң жогорку деңгээлде өкүлдүк кылына турган саммиттин өткөрүлүшү темасында мындан мурда макулдашылган.

Бул да Женева процессинин үчүнчү баскычынын 5 өлкөнүн премьер-минстрлери катыша турган саммит менен улантылышы түшүнүгүн берет.

Бул болсо Женева процессинин үчүнчү баскычынын беш өлкөнүн премьер-министрлери катыша турган саммит менен уланышы түшүнгүн берет.

Буга кошумча Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы жана Рум лидери Никос Анастасиадистин 26-январда Лефкошада жолугушуп, бештик конференциянын саясий деңгээлдеги отуруму тууралуу жагдайларды карашы күтүлүүдө.

Бештик конференцияда Түркияны тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары, элчи Ахмет Мухтар Гүн жетектеген делегация, Кипр Түрк тарабын болсо сүйлөшүүчү Өздил Нами жетектеген топ өкүлдүк кылды.

Вице-премьер Тугрул Түркеш, Кипр конференциясынын алкагында улантылып жаткан жумушчу топтун иштери туурасында маалымат алыш үчүн кечээ Женевага барган.

Кипр сүйлөшүүлөрү; «Экономика», «Европа Биримдиги», «Кыймылсыз мүлк», «Башкаруу-күч бөлүшүү», «Жер» менен «Коопсуздук жана кепилдиктер» болуп 6 нагизги темадан турат.



Тектеш кабарлар