Швейцарияда Кипр үчүн туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрү уланууда

Мон-Пелериндеги Бештик конференцияга тыныгуу берилгенден кийин техникалык деңгээлде кайра башталды.

654988
Швейцарияда Кипр үчүн туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрү уланууда

Вице-премьер Тугрул Түркеш, Кипр үчүн адилеттүү жана туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн Швейцариянын Женева шаарына барды.

Премьер-министр Бинали Йылдырымдын буйругу менен Кипр жолугушууларына катышуу үчүн кечээ Женевага барган Тугрул Түркеш, «Коопсуздук жана кепилдиктер» темасы каралган Бештик конференцияга катышкан делегациялар менен жолугушууларды өткөрөт.

Аралдагы маселеге чечим табыш үчүн 12-январда БУУнун Женева кеңсесинин кожоюндугунда өткөрүлгөн эл аралык конференция, тыныгуу берилегнден кийин кепил өлкөлөр Түркия, Греция, Англия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Кипрдин Рум бөлүгүнөн адистер жана техникалык делегациянын катышуусунда кечээ кайрадан башталган.

Бештик конференцияда Түркияны Тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары, элчи Ахмет Мухтар Гүн жетектеген делегация, Кипрдын түрк тарабын болсо сүйлөшүүчү Өздүил Нами жетектеген топ өкүлдүк кылууда.

Мон-Пелериндеги Бештик конференцияда Нами жетекчилик кылган жумушчу топто, Президенттиктин басма сөз катчысы Барыш Буржу, Дипломатия жана Европа Биримдиги боюнча атайын кеңешчи Эрхан Эрчин, Президенттиктин укук иштери боюнча кеңешчиси Сүлен Карабажак, тышкы байланыштар боюнча адис Ипек Борман Генч жана сүйлөшүүчү делегациянын мүчөсү Сертач Гүвен бар.



Тектеш кабарлар