Кипр боюнча бештик конференция бүгүн уланат

Конференция Кипрдеги тараптар жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Англиянын катышусу менен техникалык делегациялар деңгээлинде Мон-Пелеринде уланат.

654026
Кипр боюнча бештик конференция бүгүн уланат

Кипр сүйлөшүүлөрүндө «Коопсуздук жана кепилдиктер» темасы каралган бештик конференция, бүгүн Швейцариянын Мон-Пелерин кыштагында уланат.

Швейцариянын Женева шаарында 9-12-январь күндөрүндө болгон Кипр сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашууга ылайык,  конференция Кипрдеги тараптар жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Англиянын катышусу менен техникалык делегациялар деңгээлинде Мон-Пелеринде уланат.

Бештик конференцияда Кипрдын түрк тарабын сүйлөшүүчү Өздил Нами жетектеген топ өкүлдүк кылат.

Наминин конференция убагында процесстин бекем жана пландалгандай түрдө илгерилешин камсыздоо максатында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен тынымсыз кеңешип тураары белгиленди.

Конференцияда Түркиянын атынан тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары, элчи Ахмет Мухтар Гүн жетектеген делегация орун алышы күтүлүүдө.

Техникалык делегациялардын катышуусунда өтө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин айдын акырында болушу күтүлгөн тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги бештик конференцияда процессти жыйынтыктоочу акыркы чечимдин чыгарылышы көздөлүүдө.

Кипрде сүйлөшүүлөр Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Акынжынын кызматка келишинен кийин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйденин арачылыгында 2015-жылдын 15-майында башталган.

Женевада өткөн тыкысдаштырылган сүйлөшүүлөрдөн кийин 12-январда Кипрдеги тараптар жана үч кепил өлкөнүн катышуусу менен башталган конференцияга Грециянын даярдануу талабы боюнча 18-январга чейин тыныгуу берилген.

Кипр сүйлөшүүлөрү экономика, Европа Биримдиги, кыймылсыз мүлк, башкаруу-күч бөлүшүүсү, жер менен коопсуздук жана кепилдиктер болуп 6 негизги темадан турат.



Тектеш кабарлар