Азербайжан ушул күнгө чейин Түркияга 43, 8 миллиард метр куб жаратылыш газ саткан
Азербайжанда 2016 – жылы 41 миллион тоннадан ашык нефть, 29, 4 миллиард метр куб да жаратылыш газ өндүрүлгөн
![Азербайжан ушул күнгө чейин Түркияга 43, 8 миллиард метр куб жаратылыш газ саткан](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/336e/ee6a/ff38/587f517a89b4a.jpg?time=1718519878)
Азербайжан мамлекеттик нефть фирмасы СОКАРдын төрага орун басары Хошбахт Юсифзаде өлкөсүнүн Түркияга ушул күнгө чейин 43, 8 миллиард метр куб жаратылыш газ саткандыгын билдирди.
Юсифзаде «Республика» гезитинде жарыялаган жазуусунда өлкөдөгү булактарды өндүрүү менен нефть жана жаратылыш газ сатуусуна байланыштуу маалымат берди.
Шахдениздеги өндүрүштүн улантылып жаткандыгын белгилеген Юсифзаде 8 кудуктан күнүмдүк орточо 29, 5 миллион метр куб жаратылыш газ менен 6 миң 500 тонна конденсат өндүрүлгөндүгүн билдирди. Юсуфзаде : «2017 - жылдын 1 - январына чейин Грузияга 5,9 миллиард, Түркияга болсо 43, 8 миллиард метр куб жаратылыш газ бердик. Күнүмдүк Грузияга 4 миллион, Түркияга болсо 18, 5 миллион метр куб жаратылыш газ жиберүүдөбүз»,- деди.
Өткөн жылдын өндүрүш сандарын да билдирген Юсуфзаде Азербайжанда 2016 – жылы 41 миллион тоннадан ашык нефть, 29, 4 миллиард метр куб да жаратылыш газ өндүрүлгөндүгүн белгиледи.