Түрк дүйнөсү үчүн «Көроглу паркы»

«Көроглу паркы» түрк дүйнөсүн жолугуштурат

644198
Түрк дүйнөсү үчүн «Көроглу паркы»

Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын Болу шаарында жашата турган жана курулушу быйыл баштала турган «Эл аралык Түрк дүйнөсү Көроглу паркында» бийиктиги орто эсеп менен 30 метр болгон айкел, музей, изилдөө жана конгресс борборлору менен катар амфи театр, ат аянты, чайхана да орун алат.

Түрк республикалары жана тектеш коомчулуктарга таандык аянттар боло турган паркта ар бир өлкө өз «Көроглу сүрөттөөлөрүн» таба алат. Азиядан Балкан өлкөлөрүнө чейин жеткен Түрк дүйнөсүн Болуда жолугуштурууну максаттаган парктын ишке ашыруу долбоору аяктап калды.

Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) жетекчилигинде өткөрүлгөн сынакта биринчи болгон казак архитектор Эдил Тусибеков менен айкелчи Мурат Мансуровдун долбоорунда парктын аянты 75 миң чарчы метр деп белгиленди.

Болу муниципалитетинин төрагасы Алааддин Йылмаз, Балкан өлкөлөрүнөн Борбордук Азияга чейин таанылган жана жактырылган элдик баатыр жана акын Көроглун дүйнөлүк бренд кылууну каалагандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар