Түрк тилдүү мамлекеттердин парламент төрагалары Бакуда

Исмаил Кахраман сапарынын алкагында Чыныбай Турсунбеков менен да жолугушат.

635512
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламент төрагалары Бакуда

Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман Азербайжанда...

Исмаил Кахраман Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) кызматтык имаратынын ачылыш аземине катышат.

Кечээ кечинде борбор шаар Бакуга барган Исмаил Кахраманды «Гайдар Алиев» аэропортунда Азербайжандын Улуттук Парламентинин төрага орун басары Валех Алескеров, Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал жана башка жооптуу кызматкерлери тосуп алышты.

Кахраман андан соң Азербайжандын Улуттук Парламентинде конок төрагалардын урматына берилген сый тамакка катышты.

Исмаил Кахраман жолугушууларынын алкагында Казакстан Парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушат.

Программасынын экинчи күнүндө Исмаиль Кахраман ТҮРКПАнын кызматтык имаратынын ачылышына катышып, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Парламентинин төрагасы Октай Эседов жана премьер-министри Артур Расизаде менен жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар