Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов Анкарада эскерилди (видео)

Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов Анкарада кыргыз жаштары тарабынан уюштурулган иш-чара менен эскерилди.

630405
Кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов Анкарада эскерилди (видео)

12-декабрда Түркиянын борбор калаасы Анкарада КР Элчилиги жана Премьер-министрликке караштуу чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы менен «Kyrgyz Youth» клубу б.а.кыргыз жаштары тарабынан улуу жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өткөрүлү.CENGIZ_AYTMATOV

Иш-чара террор кол салууларында курман болгон шейиттерге таазим кылынып, Кыргызстан жана Түркиянын гимндери ойнолуп башталды.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы башчысынын орун басары Мурат Гүрбүз: «Чынгыз Айтматов кыргыздардын эле эмес түрк дүйнөсүнүн жузуучусу экенин баса белгилеп, бул программаны бизден стипендия алып окуган кыргыз студенттери уюштурду»,-деди.

Ошондой эле иш-чаранын ачылышында КРнын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов мырза буларга токтолду: «Айтматовдун көзү тирүү кезинде анын чыгармалары 170тен ашуун тилге которулуп, 60 миллион нуска менен басылганын айтты».CENGIZ_AYTMATOV

 

Ал эми Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу: «Айтматовду Элазыг калкы мынчалык сүйгөнүн билбейт элек, салт боюнча жазуучулар жолдо басып баратканда Айтматовду курчаган калың топ жолго батпай кетти. Көчөлөрдөгү үйлөрдүн терезелеринен баш баккан элдер кол булгалап, салам берип жатышты»,-деди.

Якуп Өмероглу сөздөрүн мындай улады: «Кыргыздарда оозеки чыгарма дагы жана жазуу түрүндөгү чыгарма дагы аябай өнүккөн. Оозеки чыгармалардан «Манас» менен жазуу түрүндөгү чыгармалардын биригүүсүнөн ширелген энергия Айтматовдо бар болчу десек жаңылышпайбыз...».

 

Ошондой эле ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү, эл акыны Кожогелди Култегин буларды айтты:

«Мен мындай түшүнүк менен айтаар элем. Чынгыз Айтматов бул ааламга, бул жарыкчылыкка батпай кетип калды»,-деп өзүнүн Айтматовго арнаган ырын окуп берди...

 

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер даярдаган чакан концерт тартууланды.

 

Чынгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 88 жашка чыкмак. Ким билет дагы кандай чыгармаларды жаратат эле. Балким жер эненин, толгонайдын монологдору сыяктуу адамдын сай сөөгүне жете турган чыгармаларды жазып учурдагы адам баласы туш болгон согуштарды «токто!» деп токтотуп, бейкутчулук өкүм сүрөөр беле...(видео маек)

 

 



Тектеш кабарлар