Өзбекстанда эртең президенттик шайлоо болот

Президенттик үчүн жарыша турган шайлоодо 21 миллион 500 миң шайлоочу добуш берет

623057
Өзбекстанда эртең президенттик шайлоо болот

Өзбекстан 2 -  сентябрда каза болгон президент Ислам Каримовдон кийин эртең шайлоого барат. Өлкөдө президентин шайлоо үчүн эл жекшемби күнү добуш берет. Өлкө парламентиндеги төрт саясий партиянын талапкери президенттик үчүн жарыша турган шайлоодо 21 миллион 500 миң шайлоочу добуш берет. 

Беш жылда бир боло турган шайлоодо берилген добуштардын 50 пайызынан ашыкчасын алган талапкер президент болот. Эгерде талапкерлерден эч бири бул катнашка жете албаса эң көп добуш алган эки талапкер экинчи турда жарышат.

Шайлоо жыйынтыктары Борбордук Шайлоо Комиссиясы тарабынан 10 күндүн ичинде жарыяланат. Өзбекстанда президенттик кызматын аткаруу мөөнөтү беш жыл жана эң көп эки мезгил үчүн шайлана алат. 

 

 

 



Тектеш кабарлар