ASELSAN менен Казакстан армиясы келишим түздү

ASELSAN Казакстан армиясын алыстан башкарылуучу курал системалары менен жабдыйт.

602481
ASELSAN менен Казакстан армиясы келишим түздү

ASELSAN Электрондук өнөр жай жана соода акционердик коому Казакстан армиясы менен SARP Алыстан башкарылуучу курал системасы менен камсыздоо багытында 3 миллион 570 миң доллардык келишимге кол койду.

ASELSAN Электрондук өнөр жай жана соода акционердик коомунун Коомчулукту маалыматтандыруу платформасында (KAP) орун алган жарыясында, «ASELSAN Казакстан армиясынын муктаждыгы үчүн «SARP Алыстан башкарылуучу курал системасы» менен камсыздоого карай кечээ 3 миллион 570 миң доллардык келишимге кол коюлду. Келишимдин алкагында тапшырылуусу 2017-жылдын ичинде бүтүрүлүшү пландалууда», деген маалыматка орун берилди.



Тектеш кабарлар