Түркия Казакстанга ыраазычылык билдирди

Мевлүт Чавушоглу Казакстанда

593486
Түркия Казакстанга ыраазычылык билдирди

Казакстанда жолугушууларды өткөрүп жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин бул өлкөнүн Түркияга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу казакстандык кесипеши Эрлан Идрисов менен алгач бетме-бет андан соң делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.

Анда келээрки жылы президенттердин катышуусунда Түркияда өтө турган Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйынынын алдын ала даярдыктары каралды.

Чавушоглу жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында, Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин Казакстандын түрк өкмөтүнө жана элине колдоо көрсөткөндүгүн билдирди.

Төңкөрүш аракетин дагы бир жолу айыптаган казак министр Идрисов болсо, ФЕТӨ менен күрөшүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда иш алып баруу тобу түзүлгөнүн маалымдады.

Иш алып баруу тобу ФЕТӨ менен күрөшүүдө өзгөчө билим берүү тармагында таштала турган кадамдарды талкуулашты.



Тектеш кабарлар